Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

ТҮРКИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ РЕЖЕП ЭРДОГАНДЫН АКШдагы ИШ-САПАРЫ АЯКТАДЫ


Аким Өзгөн, Түркия, Измир Түркиянын премьер-министри Режеп Т. Эрдоган АКШдагы иш-сапарын карытып, элине кайтып келди. Ал Анкара аба майданында басма сөз жыйынын уюштуруп, Америкадагы сапары тууралуу маалымат берди.

Режеп Т. Эрдоган өкмөт башчысы катары өзүнүн АКШга болгон бул алгачкы саякаты саясий жана экономикалык жааттан алып караганда абдан ийгиликтүү өткөндүгүн билдирди.
Эрдоган “өз аймагында жана жалпы дүйнөдө Түркия ойноп келаткан ролдун маанисин Америка жетекчилиги туура баалап жатат” деди. “Түркия менен АКШнын ортосундагы мамилени мындан ары тереңдетүүгө алар аябай дилгир экенин көрүп абдан ыраазы болдук”, - деди.
Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган “быйыл НАТОнун саммитине катышуу максатында Истанбулга келе турган президент Жорж Бушту Анкарага да чакырдым” деп билдирди. Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдүн чордонун Кипр маселеси, Ирактагы абал, Ирактагы күрд жумушчулар партиясы жана экономикалык байланыштар түздү.
Өткөн жылы Эрдоган АКШда премьер-министр эмес, Адилет жана өнүгүү партиясынын төрагасы катары болгон еле. Бул жолу өкмөт башчы катары барган Эрдоганды Вашингтондо президент Жорж Буш кабыл алды.
АКШ Буш менен Эрдогандын сүйлөшүүсүн утурлап Ирактагы күрд жумушчулар партиясы дагы террористтик уюмдардын тизмесине киргизилгендигин жар салды. Өз кезегинде Эрдоган Буш администрациясына бул үчүн ыраазычылык билдирди. Кипр маселесине келгенде, Буш мамлекеттик катчы Колин Поуэллди бул маселеге өзгөчө мамиле жасоого милдеттендирди.
Журналисттердин “Кипрдин түрктөр жашаган түндүк аймагына киргизилген эларалык экономикалык эмбаргону алып салуу маселеси кандай чечиди?” деген суроого Эрдоган мындай жооп берди:
- Биз кепилдик кылуучу өлкө катары өз мойнубузга алган милдеттерди толук аткардык. Кипрдеги түрк жамааты өзүнө тагылган милдетти ак ниеттүүлүк менен аткарган учурда Греция менен Кипрдеги гректер эч бир кадам таштабай койсо эмне болот? деген суроо коюла турган болсо, анда 40 жылдан бери келаткан, адам укуктарына каршы эмбаргонун алынып салынышы күн тартибине коюлушу ыктымал. Биз, бул маселе күн тартибине коюлганда баарынан мурда Евробиримдике мүчө өлкөлөр бул маселеге оң карай турганына ишенебиз.
Түркиялык жана батыш басылмалары тарабынан да “ийгиликтүү өттү” деп бааланган сапардын маданий иш-чараларга арналган бөлүмүндө Эрдоган Нью-Йорк калаасында Америка Еврейлеринин конгрессинде чыгып сүйлөдү. Конгресс Эрдоганга жогорку даражадагы “Эрдик” сыйлыгын ыйгарды.

XS
SM
MD
LG