Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

ПРЕЗИДЕНТ КУЧМА КЕЛЭЭРКИ ШАЙЛООГО КАТЫШПАСЫН БИЛДИРДИ


Украинанын парламенти бүгүнкү кезексиз сессиясында өлкө президенти Леонид Кучманын Конституцияны өзгөртүү боюнча киргизген сунушуна каршы добуш берди. Ошентип, президентти жалпы эл мурдакыдай эле ачык добуш берүү менен шайлайт. Кучма “президентти парламент шайласын” деп сунуш кылып жаткан.

Украинанын парламенти шейшемби күнкү кезексиз сессиясында чү дегенден эле өзү мурда кабыл алган чечимди жокко чыгарды. Украиналык журналист Васил Зилгалов:

- Жогорку Кеңеш шейшемби күнкү сессияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мурда кабыл алган 4105-мыйзам долбоорун жокко чыгарды. Парламент 24-декабрдагы сессиясында “2006-жылдан тартып президентти парламент шайласын” деген сунушту жактырган болчу. Ошентип, депутаттар президентти шайлоонун конституцияда жазылган азыркы жобосун өзгөртүүсүз калтырышты.

Шейшемби күнкү колго салууда президенттик администрация колдогон долбоорго Жогорку Рададагы 450 депутаттын 304ү каршы чыкты.

24-декабрда 276 депутат биринчи окууда кабыл алган долбоорго ылайык, быйыл күздө президентти жалпы эл, ал эми 2006-жылы президентти партиялык тизме менен шайланган парламент өзү шайламак.

“Украиналык парламентарийлердин мурдагы пикиринен тайуусуна эмне себеп болду?” деген суроого жооп издеп жатып, эки жагдайга кененирээк токтоло кеткен жөндүү.

Биринчиси, Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы - ПАСЕнин 29-январда кабыл алган резолюциясы. Ассамблея өз резолюциясында быйыл күз айында өтчү президенттик шайлоо алдында шашыла Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү туура көрбөй, ырасмий Киевдин саясый реформаны мыйзамсыз жана Конституцияга сыйбаган жолдор менен жүргүзүүсүнө чыдабасын билдирген.

ПАСЕдеги дебатта Украинадагы саясый жагдай менен таанышып келген Ханне Северинсен айым башмыйзамга шашыла өзгөртүү киргизүүгө каршы сүйлөдү:

- Иш жүзүндө, Конституцияны өзгөртөбүз деген кимдер жана алар эмне максатты көздөөдө? Кыска мөөнөттү алсак, “Келээрки шайлоодо бийликке ким келет?” жана “Бийлик кандай болот?” деген суроолор пайда болот.

Өткөн айда АКШнын Мамлекеттик Департаменти да украин бийликтеринин Конституцияны өзгөртүү аракетин сындаган.

Экинчиси, маселени Страсбургда кароо демилгесин көтөрүп чыккан украин оппозициясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушка башынан эле каршы турушту. Алардын пикиринде, Кучма шайлоо системасын өзгөртүү менен, бийликти өз тарапкерлерине мурастап берүүнү каалайт.

Украина парламентинин мүчөсү Юрий Костенконун айтымында:

- Парламенттик көпчүлүк колдонгон айла-амалдар биздин Конституциянын негизги жоболоруна жана Украин парламентинин регламентинде каралган нормаларга каршы келет.

Президент Кучманын администрациясы түшүндүргөнгө караганда, саясый реформанын негизги максаты Украинаны парламенттик республикага айлантып, президенттик бийлик укуктарын премьер-министр менен бөлүштүрүү, премьер-министрдин бийлигин күчөтүү.

Же Тышкы иштер министри Константин Гришенко айткандай:

- Биз демократиялык реформаларга ишенимдүү кепил болгондой кылып, бийликтин үч бутагы ортосунда жакшы баланс түзүүбүз зарыл. Бул Украинадагы конституциялык реформанын чыныгы максаты жана мааниси.

Леонид Кучма оппозиция менен Батыштын үнүн уктубу же бийликти сактап калууга көзү жетпей калганбы, айтор, дүйшөмбү күнү быйыл болчу президенттик шайлоого катышпасын билдирди. Ал мураскер маселесине токтолуп: “Балким, кимдир бирөө мени тактынын мураскерин качан жарыялайт деп күтүп жаткандыр. Бирок, Украина - Россия эмес. Бизде эч качан падыша болгон эмес. Гетмандар болгон. Аларды эл шайлаган...” - деди.

Президент Кучманын бийликте калбасын уккан депутаттар мурдагы пикиринен баш тартышып, шейшемби күнкү сессияда Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгышты. Ошентип, 2006-жылы президентти парламент мүчөлөрү эмес, эл шайлайт.

XS
SM
MD
LG