Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

ЖАПОНИЯ МУНАЙ МАСЕЛЕСИНЕН УЛАМ ИРАККА ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ


Ирактагы кайра куруу иштерине катыша турган 90го чукул жапон аскерлери шаршембиде Кувейтке жеткирилди. Алар – согуштан жабыр тарткан Иракта элдин жашоосун калыбына келтирүү иштерин аркалай турган жапон контингентинин алгачкы ири бөлүгү. Мурунку күнү Токиодо аскерлердин Иракка жөнөтүлүшүнө каршы демонстрация болуп өттү.

Жапониянын басымдуу бөлүгүн инженерлер түзгөн бул аскерлери – соңку жарым кылым ичинде чет мамлекетке аттанган алгачкы ири бөлүк болуп калды. Шаршембиде Кувейтке барып түшкөн жапон аскерлеринин жетекчиси, полковник Ясуши Кийота: "Биз Иракты калыбына келтирүү максатында гана келдик", - деп белгиледи.

Ал аскерлер Иракка кайсы күнү бараарын коопсуздук маселелеринен улам айтуудан баш тартты. Бирок, кийинчерээк жапон аскерлери Кувейтте бир аптадай машыгуудан өткөн соң, көп узабай Ирактын түштүк бөлүгүндөгү Самава шаарына жеткириле турганы маалым болду. Иракта жаз айларында Жапониянын деңиз, аба күчтөрүнүн жана жөө аскерлеринин 1000ге чукул адамдан турган контингенти жайгаштырылат. Ага чейин азыр Кувейтке барган инженердик бөлүк Самава калаасында жапон аскерлери жашоо өткөрө турган атайын базаны орнотууга тийиш.

Аскерлерди Иракка жөнөтүү маселеси талкууланып жаткан чакта жапон коомчулугунун өкүлдөрү: "Алар Иракта козголоңчулардын кол салуусуна кабылат, ар бир жоокердин өмүрү биз үчүн кымбат!" - деп айгай салып, өкмөттү өлкөнүн дүйнөлүк согуштан бери сакталып келаткан тынчтыкты баарынан жогору туткан конституциясын бузбоого үндөп жатышты.

Шейшембиде түштөн кийин Токиодогу коргоо министрлигинин алдына 300дөй адам чогулуп, Иракка аскерлерди жөнөтүүгө каршы плакаттарды көтөрүп турушту. Ал акциянын уюштуруучуларынын бири Тошихиро Иноуе чогулган элге кайрылуусун: "Бүгүн жапон аскерлери Кувейте жөнөп жатышат, бул – биздин өлкөнүн тарыхын бүт бойдон өзгөртчү көрүнүш", - деген жалындуу сөздөрдөн баштады.

Ошол эле күнү Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп: "Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн атайын бөлүктөрү Ирактагы миссиясын мыкты аткарып, кайра мекенине аман-эсен кайтып келиши үчүн өкмөт колунан келген бардык аракеттерди жасайт", - деп ишендире кетти. Шейшембиде кечинде Иракка жөнөтүлгөн аскерлер Токиодон 850 чакырымдай алыстыктагы Саппоро калаасынын четиндеги чакан аэропорттон өкмөттүк учакка түшүп кеткенин эртеси жапон гезиттеринин бири жазып чыкты. Ушул эле басылма маалымдагандай, Жапониянын коргоо министрлиги алдыдагы бир нече ай ичинде Иракка жол тарта турган жүздөгөн аскерлери менен 3 жүк ташуучу чоң учагын Саппоро калаасына алдын-ала жеткирип койгон.

"Биздин аскерлер Иракка согушуш үчүн бараткан жок, алар жалаң гуманитардык жана калыбына келтирүү иштерине катыштырылат", - деп басым жасады шейшембиде парламентте сүйлөгөн жапон премьери Коидзуми. Ал Жапония мунай маселесинде Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө көз каранды болгондуктан, бул чөлкөмдө туруктуу бейпилдик орнотууну көздөп жаткан мамлекеттерге кол кабыш кылууга милдетүү экенин белгилей кетти.

Жапон аскерлеринин Ирактагы иштерге катыштырылышына коңшулаш Кытай терең кабатырлануу менен көз чаптырууда. Шаршембиде Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Жанг Кюе жапон өкмөтү өзүнүн аскердик пландары коңшулаш Азия мамлекеттерине эч кандай зыян келтирбээрине кепилдик бериши керек деп эскертип, Токиону – тарыхтын ачуу сабактарын унутпоого жана тынчтыкты урматтаган жолдон адашпоого үндөдү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG