Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

АКШ: СЕНАТОР ЖОН КЕРРИ ДАГЫ БЕШ ШТАТТА ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


Кошмо Штаттардын Демократтык партиясы шейшемби күнү жети штатта алгачкы деңгээлдеги “праймериз” деп аталган добуш берүүнү өткөрдү. Талапкерлердин “көчүнүн алдында” бараткан Жон Керри беш штатта жеңип чыкты. Анын атаандаштары Жон Эдвардс менен Уэсли Кларк бирден гана штатта ийгиликке жетишти. Керринин жеңиши ноябрда болчу президенттик шайлоодо анын Жорж Буш менен атаандаш болуу мүмкүнчүлүгү зор экенин күбөлөйт.

Массачусетстик демократ-сенатор Жон Керри ноябрда болчу президенттик шайлоодо республикачыл Жорж Буш менен жарышка чыгат сыяктанат. Талдоочулар Демократтык партия шейшемби күнү Кошмо Шттардын жети штатында өткөргөн алдын ала же “праймериз” деп аталган добуш берүүнүн жыйынтыгына таянышып жасаган бүтүм ушундай.

Праймериз - жалпы өлкө боюнча өтчү шайлоого катышчу талапкерди аныктоо максатында штаттын деңгээлинде өткөрүлчү добуш берүү.

Жон Керри шейшембиде Аризона, Дэлaвер, Миссури, Түндүк Дакота жана Нью-Мексико штаттарында жеңип чыкты. Ал мурда Айова жана Нью-Хемпшир штаттарында биринчи орунду ээлеген.

Шейшемби күнкү добуш берүү жети штатта бир мезгилде өткөрүлгөндүктөн, аны “жалпы улуттук мартабадагы суперсыноо” деп коюшат. Анын жыйынтыгында ар бир талапкердин дарамети аныкталат.

Ошон үчүн, буга дейре “куру кол” келаткан сенатор Жо Либерман жарыштан чыкканын жарыя кылды:

- Мен бул түнү Америка Кошмо Штаттардын президенти болуу ниетимден баш тарттым. Буга мен капамынбы? Албетте. Биздин бул өнөктүккө катышып жатканыбызга сыймыктанамбы? Арийне!

Жо Либерман белгилеп айткан түн Жон Керриден башка бардык талапкерлердин үмүтүнө суу чачты. Жон Эдвардс Оклахома штатында жалчыбаган добуш менен отставкадагы генерал Уэсли Кларкка жеңилди. Бирок, өзү туулуп өскөн Түштүк Каролинада ийгиликке жетти. Эдвардс бирдиктүү Американы курууну өзүнүн “негизги парзы” деп эсептейт:

- Биз эки башка Америкада жашап жатабыз. Саламаттыкты сактоо системасы эки башка, коомдук мектеп системасы эки башка, салык системасы эки башка, өкмөтү эки башка, экономикасы да эки башка. Мындай болбош керек. Сиздер жана мен, биз баарыбыз чогуу ар бир адам үчүн кызмат кылган бирдиктүү Американы курабыз.

Көпчүлүк талдоочулардын айтымында, Жон Эдвардс сенатор Жон Керри менен маарага чейин жетчү бирден бир талапкер.

3-февралда Уэсли Кларк мурда болжолдонгондон жакшы натыйжа көрсөттү. Ал Оклахомада биринчи, башка эки штатта экинчи орунду алды. Жеңиш, отставкадагы генерал үчүн, өтө кымбатка турду. Ассошиэйтед пресс агенттигинин билдиришинче, Жон Кэрри менен үзөңгүлөш болууну каалаган Уэсли Кларк телеүгүттөө иштери үчүн 11 миллион доллар кошумча жумшады.

Шейшемби күнкү өнөктүктө Жон Керрини добуш берчү 269 делегаттын үчтөн экиси колдоду. Эдвардс үчүн 61, Кларк үчүн 49 делегат добуш берди. Керри ошентип, тогуз штатта өткөн праймеризде добуш берүүгө укуктуу 200дөн ашуун делегаттын ишеничине жетти.

Президентке талапкер болуу үчүн 2162 делегаттын добушу керек.

Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, тогуз штатта өткөн саясый өнөктүк учурунда Демпартиянын сүрөөчү топтору шайлоочуларды Жорж Бушту жеңе алчу адамга добуш берүүгө чакырып жатышты. Сурамжылоолорго караганда, талапкердин тажрыйбалуу жана Бушту жеңчү адам болушун каалаган шайлоочулардын арасында Керри өтө популярдуу. Вьетнам согушунун баатыры жана 19 жылдан бери Сенаттын мүчөсү болуп келаткан Жон Керри Жорж Буш менен күч сынашууга даяр:

- Жорж Буштун Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүн ашыкча көбөйтүп жиберип, биздин корубузду үнүмсүз сарптап, союздаштарыбызды четке түртүп жана өтө көп өзүнө ишенип, алды артын ойлонбостон, биздин өлкөнүн жаңы тарыхында сокур жана идеологияга чылк тышкы саясат жүргүзүп, Американы алсыздатканы чындык.

Келээрки праймериз Мичиган жана Вашингтон штаттарында болот. Эки штатта биригип, добуш берүүчү 204 демократ- делегат бар.

XS
SM
MD
LG