Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Ирандын диний лидери парламенттик шайлоолор өз убагында өтүшү керек деп эсептейт


ТЕГЕРАН. Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменейи “парламенттик шайлоо мурда белгиленген 20-февралда өтүшү керек” деп билдирди. Ирандын мунай министри Намдар Зангейнханын айтымында, аятолла Али Хаменейи мындай пикири менен реформаторлордун “парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу керек” деген сунушун четке какты.
Ирандын Көзөмөлдөөчү кеңеши “20-февралга белгиленген парламенттик шайлоого 2 миңдей киши, анын ичинде азыркы 80дей депутат талапкер катары катыша албайт” деген бүтүмүн чыгарган эле. Ага жооп катары өткөн жекшембиде 120 депутат нааразылык билдирип отставкага кетишкен.

XS
SM
MD
LG