Европадагы Өнүгүү жана Реконструкция банкы адам укугун коргоочулардын каршылыгына карабай, былтыр майда жылдык жыйынын Ташкенде өткөргөн болчу. Өз кезегинде мындай кадам Өзбекстандагы жагдайдын оңолушуна жардам берет деген таризде мүнөздөлгөн эле. Банктын басма сөз катчысы Жефф Хайдейдин айтымында, мындан бир жылча мурун өзбек бийликтеринин алдына жети маселе коюлган. Банктын өкүлдөрү Ташкенде ошол белгиленген иштер кандай аткарылып жатканына байкоо жүргүзүү максатында болду.
Делегация өз иш сапарынын жыйынтыгы боюнча банктын Директорлор кеңешине отчет даярдап, анын натыйжасында Өзбекстан менен кызматташуунун келечеги аныкталат. Эгер жагдай мурдагыдан оңолгон деп табылса, банк насыяны көбөйтүшү да ажеп эмес:
- Албетте, бир вариант ушундай, эгер биз эч кандай прогресс жок деп аныктасак, келечекте кандайдыр бир чектөөлөр болушу мүмкүн. Салтка айлангандай биз Өзбекстанда жылына 60-70 миллион евронун айланасында иш кылып келгенбиз. Бирок акыркы эки жылда ичинде биз болжол менен алганда жогорудагынын жарымын гана жасадык. Эгер кырдаал оңолгон болсо, биз жылына 100 миллион еврого чейин чыга алабыз.
ЕБРРдин делегациясы иликтөөгө алган маселелер өлкөнүн саясий системасынын канчалык ачыктыгына, басма сөз менен адам укуктарынын абалына, бейөкмөт уюмдардын катталуу жана иштөө эркиндиги, ал эми экономикалык чөйрөдө улуттук валютанын конвертацияланышы, тышкы сооданын жагдайы, мүлккө болгон укук, менчиктештирүү, банк секторундагы реформалар, коммуналдык кызмат үчүн тарифтердин жөнгө салынышы менен байланышкан.
Өзбекстандын адам укугун коргоочу активисттери маселен ЕБРРдин делегациясы менен кездешүү учурунда акыркы бир жыл ичинде өлкөдө эч кандай өзгөрүү орун албаганын билдиришкен. Өзбекстан адам укугун коргоо коомунун башчысы Талиб Якубов:
- Бул жерде кызуу талкуулар жүрдү. ЕБРРдин делегациясы май айындагы былтыркы жылдык жыйындан бери кандай өзгөрүүлөр бар экенин билгиси келүүдө. Жыйынга катышкан тогуз уюмдун баары өзгөрүү жок дегенге бир ооздон макул болушту.
ЕБРРдин өзбек өкмөтү менен кызматташуусуна нааразы болгон он чакты адам ал турсун "Коррупциялык бийликке насыя берилбесин", "Насыядан биринчи - адам укуктары" деген ураандарды көтөрүп, Ташкентте банктын өкүлдөрү токтогон мейманкананын алдына пикетке чыкканга чейин барышты.
Лондондо жайгашкан Эл аралык мунапыс уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Анна Сандер–Плассмандын пикиринде, эгер эл аралык коомчулук бирдей турумду карманса, ийгилик жаралмак:
- АКШнын соңку билдирүүсүндө адам укуктарынын олуттуулугу белгиленди. Бирок биз Кошмо Штаттар Өзбекстанда адам укуктарын коргоодогу өз милдеттемелери боюнча аралаш маанидеги кептерди айтып жатканын көрө алабыз. Европа Биримдиги маселени көтөрүп, өз билдирүүсүндө кыйноо менен өлүм жазасын эскергени маанилүү.
АКШнын Өзбекстандагы жаңы дайындалган элчиси Жон Роберт Пурнелл апта башында Вашингтон Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына жакындап байкоо салып жатканын, антитеррордук согуш боюнча өнөктөш өлкөгө жардамды азайтуу боюнча эч кандай чечим жок экенин билдирген эле. Ал эми өткөн айдын соңунда Өзбекстан-Европа Биримдиги кызматташтык кеңешинин жыйыны өткөн. Анын соңунан таратылган биргелешкен билдирүүдө, Европа Биримдиги Өзбекстандын түрмөлөрдө кыйноону жоюу жөнүндөгү убадасын кубаттаган, ага катар уюм Ташкенге демократия менен базар экономикасын көздөй жолдо жардам берүүнү улантаары айтылган.