Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

ЖОРЖ ТЕНЕТ: ИРАКТЫН КООПТУУ КУРАЛЫ БОЛГОН-БОЛБОГОНУН ТАК АЙТУУ МҮМКҮН ЭМЕС


Иракта кооптуу курал издеген америкалык инспекторлордун башчысы Дэвид Кэй өз ишинен майнап чыгаарына көзү жетпей кызматтан кеткенден бери Вашингтондун өкүлдөрү Саддамга каршы согушка түшүндүрмө берүү менен алек. Бейшембиде АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Жорж Тенет Иракта мыйзамсыз курал табылбайт деп айтуу али эртелик кылаарын эскертти. Андан тышкары Тенет - Пакистандык илимпоздордун атомдук технологияларды башка өлкөлөргө сатканы ашкереленгенин - өзү башкарган мекеменин ийгилиги катары белгиледи.

Бейшембиде Кошмо Штаттардын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Жорж Тенет Вашингтондо коомчулук алдында чыгып сүйлөп, өткөн жазда Иракта согуш баштоого негиз берген чалгындоо маалыматтарын коргоп чыкты. Тенет өз сөзүндө мурунку күнү Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелддин Иракта эми мыйзамсыз курал табылбайт деп айтуу эртелик кылат деген сөздөрүн бышыктай кетти.

- Биздин чалгынчылар эч убакта «Ирак – америкалыктарды каптап келаткан коркунучка айланды» деп айткан эмес. Тактай кетсек, алар Саддам ырайымсыз диктаторго айланып, эл аралык коомчулукту алдап, опурталдуу курал программасын өнүктүрүп жатканын эскертишкен жана ал бир күнү күтүүсүз чакта биздин кызыкчылыктарга коркунуч келтириши мүмкүн деп маалымдашкан. Эч ким бизге мындай деп айткыла деп үйрөткөн эмес, - деп чалгынчыларга Ак үй кысым көрсөткөн деген пикирлерди четке кага кетти Жорж Тенет.


Мындан эки апта мурдараак Иракта сегиз ай бою кооптуу курал издеген америкалык инспекторлордун экс-башчысы Дэвид Кэй кызматынан чегинген. Кызматтан кетээринде ал Ирактагы согуштун алдында Саддамдын кеңири кыруучу куралы болгону тууралуу АКШ, Бириккен улуттар уюмунун чалгынчылары чогулткан маалыматтарда ката кетирилген өңдүү, андай курал табылаары арсар деген кыязда билдирүү жасаган. Убагында Улуттар уюмунун курал-жарак боюнча инспектору болуп иштеген Дэвид Кэйди Ирактагы америкалык адистердин жетекчиси кылып Жорж Тенет өзү дайындаган. Эми минтип, коомчулук арасында Ирактагы согуштун негиздүүлүгүнөн күмөн жараткан Кэйдин билдирүүсүнөн кийин Тенет жана башка Вашингтондун жогорку өкүлдөрү далай чыгым алып келген аскердик операцияларды актап-жактоого аргасыз болууда. Америкалык башкы чалгынчы элдин көңүлүн буларга бурду:

- Ушу тапта Ирактын тегерегинде топтолгон суроолордун ток этер жерин айтсак: "Америка согуш баштап туура кылганбы, же жокпу?" Чалгынчылардын көз карашынан алганда, мындай иште эч ким эч убакта толугу менен туура, же толугу менен туура эмес болгон деп айта албайт. Ушундай жооп Саддамдын массалык кыргын салуучу куралы жөнүндөгү суроого да жарашат. АКШлык инспекторлор Иракта мыйзамсыз курал издөө ишин улантууда, азырынча алар текшерген жайлар өлкөнүн аймагынын 85%ын түзө элек.


Шаршембиде Сенатта көрсөтмө берген Пентагондун жетекчиси Доналд Рамсфелд америкалык чалгынчылар Иракта айрым ийгиликтерге жетишкенин кыйытып, азырынча аларды коомчулукка жарыялоодон кармана туруу керектигин айтты. Жыйынга катышкан сенаторлор кийинчерээк Рамсфелд инспекторлор Иракта айрым бир мыйзамсыз куралдарды тапканын кабарлады деп билдиришти.


Вашингтондогу Жоржтаун университетинде чыгып сүйлөгөн Жорж Тенет болсо, өзү башкарган америкалык чалгынчылардын бир нече жылдан берки аракетинин акыбети кайтып, Пакистандын атомдук бомбасын жараткан Абдул Кадыр Хан убагында өзөктүк технологияларды чет мамлекеттерге сатканын моюнга алганын чоң жетишкендик катары сыпаттады. Улуттук телеканал көрсөткөн интервьюсунда андай кылмыштуу иштерди мойнуна алган Абдул Кадыр Ханды Пакистандын президенти Первез Мушарраф бейшембиде эл алдында кайрадан "улуттук баатыр" деп атап, бирок ал бир кезде өз ишмердигинде кээ бир каталарды кетиргенине көңүл буруп, атактуу окумуштуунун эмгегин сыйлап, ырайым кылды.

Бул жаңылыктарга токтолгон америкалык башкы чалгынчы Жорж Тенет: "Бир кезде Иран, Түндүк Корея, Ливия өңдүү мамлекеттерге атомдук технологияларды саткан Пакистандын кылмыштуу ишмердигине олуттуу сокку урулду, Кадыр Хандын бир нече жан-жөкөрү камакка алынды", - деп кошумчалай кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG