Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

УЙГУРЛАР КЫРГЫЗСТАНДА КУУГУНТУКТАЛЫП ЖАТАБЫ?


Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы уйгурлар абалы, Кытай жана терроризмге байланыштуу 6-февралда билдирүү менен чыкты. Анда айрым маалымат каражаттарында, «Кыргызстанда уйгурлар кысымга алынууда, бул иш Кытайдын таасири астында жасалууда» деген маалымат төгүндөлгөн.

Тышкы иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, анын уйгур маселеси боюнча билдирүү менен чыгуусуна 30-январда жарыяланган Бакыт Ибраимов аттуу журналисттин макаласы себепкер болгон. Ал макалада «кыргыз бийлиги уйгурларды кысымга алууда, ага Кытай шыкакчы болуп жатат, кыргыз чиновниктери уйгур радикалдарынын террордук уюмдарга тиешеси бардыгын дайым саймедиреп келет», деп жазылган.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, кыргыз өкмөтү терроизм жана экстремизмди кайсы бир улутка тиешелүү көрүнүш катары кароого түп-тамырынан каршы, деп белгиленген. Борбор Азия регионунда эл аралык террордук уюмдардын аракети күчөгөндүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура «Хизбут-тахрир», уйгурларга тиешеси бар «Түркстанды боштондукка чыгаруу уюму», «Чыгыш-Түркстан ислам партиясын» жана «Түркстан ислам партиясын» террордук уюм деп табуу тууралуу демилге көтөргөн. Өлкөнүн Жогорку соту ал уюмдардын Кыргызстанда иш жүргүзүүсүнө өткөн жылы ноябрь айында тыйуу салган, деп билдирүүдө маалымдалган.

Бир катар уйгур активисттеринин пикиринде, Кыргызстан 1996-жылы Шанхай кызматташуу уюмуна киргенден кийин жергиликтүү уйгурларды кысымга алуу күчөгөн. Бирок кыргыз бийлиги аны четке кагып, бирок террор жана экстремизмге каршы күрөштө коңшу мамлекеттер менен, анын Кытай менен тыгыз кызматташта экенин билдирүүдө.

Уйгурлардын «Демократ» укук коргоо уюмунун башчысы Турсун Исламдын айтымында, Кыргызстанда кармалган уйгурларды Кытайга депортациялоо, качкын статусун бербөө тынчсызданууну жаратат:

- Мен бул кызматта көп убакыттан иштеп келатам, бир да уйгурга кыргыз өкмөтү качкын статусун бере элек. Кайрадан, биздин маалыматтар боюнча 4-5 кишини, башка маалымат боюнча 10 тегерегинде кишини мыйзамсыз депортациялап жиберди.


Кыргызстандык укук коргоочу, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, Кытайда абактагыларды кыйноо практикасы орун алгандыгына байланыштуу ал өлкөгө депортациялоо туура эмес:

- Биздин оюбузча, Кытайда сепаратисттерге, террористтерге эле эмес, жалпысынан элдерге кыйноо ыкмасы колдонулат. Ошондуктан, эларалык конвенцияларга ылайык Кыргызстан кылмышкер болобу, же башкасы болобу Кытайга өткөрүп бербеш керек.


Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмуна киргенден кийин уйгурларга кысым күчөдү деген туура эмес:

- Шанхай уюмунун уйгурларга эч кандай тиешеси жок. Ал түзүлүп жатканда уйгурлар жөнүндө сөз да болгон эмес. Террордук уюмдар жөнүндө жалпы сөздөр менен айтылган. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Экстрадициялоо жөнүндө» келишим бар. Айрым адамдар мына ошол келишимдин негизинде Кытайга депортацияланып жатышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG