Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

БУШ ИРАКТЫН КУРАЛЫН ИЛИКТЕЙ ТУРГАН КОМИССИЯ ТҮЗДҮ


Президент Жорж Буш АКШдагы эки партия – республикачылар менен демократтардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзгөнүн жарыялады. Ал комиссия Ирактын массалык кыргын салуучу куралынын тегерегиндеги маселелерди иликтейт. Буш комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өткөндөн кийин, эмдиги жылдын март айында жарыялашын жактай турганын кошумчалады.

- Бүгүн мен дайындаган комиссия жаңы кылымдын коркунучтары жана Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары боюнча чогултулган чалгындоо маалыматтарын иликтеп, биздин күч-кубат, кудуретибиз тууралуу атайын жолдомо даярдайт. Комиссия андан тышкары Ирактагы согуштун алдында чалгынчылар топтогон маалыматтар менен кийин Иракка барып иштеген инспекторлордун докладын салыштырат, - деп жарыялады Жорж Буш.


Мындан эки апта мурдараак Иракта 8 айдай иштеп келген инспекторлордун экс-башчысы Дэвид Кэй Конгрессте көрсөтмө берип, Саддам Хусейндин химиялык, биологиялык, же башка коркунучтуу куралы болгонунан күмөн санаарын айткандан бери Вашингтон ар тараптан айтылган сын пикирлерге жооп берүүгө аргасыз. Анткени былтыр жазда Иракта согуш баштаар алдында АКШ жетекчилиги – Саддамдын ыктымал кеңири кыруучу куралын бетке кармаган эле.



Жума күнү Нью-Йоркто сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракта азырынча мыйзамсыз курал табылбаганы үчүн Америка өкмөтү эл аралык коомчулуктан, же АКШнын чалгындоо башкармалыгы өз өкмөтүнөн кечирим суроого милдеттүү эмес деп белгиледи.

- Менимче, бул жерде кимдир бирөөнөн кечирим суроонун кажети жок. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Жорж Тенет кечээ айткандай, анын мекемеси өз докладын 2002-жылы тараган Конгресске тапшырган. Көптөгөн аналитиктердин жана башка булактардын маалыматына негизделип даярдалган ал доклад Конгресске кеңеш берчү документ катары сунушталган.

Пауэлл азырынча Вашингтондун: "Саддам Хусейн кеңири кыруучу курал программасын өнүктүрүү аракеттерин улантууда" деп айтканы туура эмес болгонун тастыктаган далилдер жок экенине көңүл бурду.


АКШ президенти дайындаган комиссиянын төрагалыгына Виржиния штатынын мурдагы губернатору, Сенаттагы демократтардын өкүлү Чарльз Робб жана республикалык партиянын мүчөсү, отставкадагы судья Лоренс Силберман бекитилишти.

Президент Буш эки партиянын өкүлдөрүнөн куралган комиссия Ирактын согуштук арсеналынан башка Американын дүйнөдө атомдук куралдарды жайылтпоо ишине кошкон салымын, бул багытта Түндүк Корея, Иранга байланыштуу жасаган аракеттерин да иликтей турганын кошумчалады.

Бул жаңылык жарыяланаар замат Буштун республикачыл тарапкерлерине атаандаш демократиялык партиянын лидерлери жаңыдан түзүлгөн комиссияны сынга алышты. Демократтардын Конгресстеги өкүлү Нэнси Пелоси президент жалгыз өзү дайындаган комиссия мүчөлөрү калыс жыйынтык чыгараары өтө күмөндүү деп билдирди. Ошондой эле сынчылар комиссиянын тапшырмасы так аныкталса, ал өз ишин АКШдагы президенттик шайлоого чейин эле аткарып бүтмөк деп белгилеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG