Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

ПРЕЗИДЕНТ АКАЕВ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫН ӨЗГӨРТТҮ, ПАРЛАМЕНТ ТИЛ МЫЙЗАМЫН ТАЛКУУЛАП ЖАТАТ, ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАРГА КЫЗЫГУУДА


Апта ичинде өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда олуттуу окуялар болуп өттү. Алардын ичинен Өкмөттүк структураны өзгөртүү тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы аптанын башкы окуясы болду. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бул аптада «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоорун күжүрмөн талкуулады. Бейөкмөт уюмдар менен айрым оппозициялык саясатчылар ачкачылык акциясынын учурунда набыт болгон Шералы Назаркуловду эскеришти.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны жума күнү кезексиз XVIII сессиясын чакырып, анда «Өкмөттүн структурасы жөнүндө» мыйзамды талкуулап, кабыл алды. Мыйзамдын кабыл алынышына президент Аскар Акаевдин сунушу негиз берди. Мыйзамга ылайык Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин негизинде Экономиканы өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлиги түзүлүп, анын башына экс-премьер министр Амангелди Муралиев келди. Министрликти түзүүнүн зарылдыгы тууралуу парламентте Аскар Акаев мындай деди:

- Мындай министрликти түзүүнүн зарылдыгы бир катар жагдайлар менен шартталган. Баарыдан мурда өткөөл мезгил аяктап, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүбүздөн кийин экономикалык өнүгүүнү башкара турган бирдиктүү борборду түзүү мүмкүн болду.

Бул министрликтин курамына Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин айрым функциялары, Каржы министрлигинин курамындагы Экономикалык жана социалдык реформалар борбору, ишкердикти өнүктүрүү боюнча комиссия, монополияга каршы саясат комиссиясы, өкмөт аппаратындагы корпорациялык өнүктүрүү боюнча борбор, стандартташтыруу жана метеорология инспекциясы кирди. Мындан тышкары Билим, маданият министрлигинин тутумундагы маданият тармагы менен мамлекеттик тил комиссиясы бириктилип, өз алдынча мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Ал эми ишемби күнкү өкмөттө кеңейтилген жыйын өтүп, анда президент Аскар Акаев структуранын өзгөрүшүнө байланышкан жаңы дайындоолорду жарыялады. Президенттин жардыгына ылайык биринчи вице премьер-министр, транспорт жана байланыш министри болуп Кубанычбек Жумалиев дайындалды. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер министрлик жаңы кызматка Уларбек Матеев дайындалды. Уларбек Матеев буга чейин башкарган Энергетика боюнча агенттикке Эмил Узакбаев барды. Президенттик администрациянын башчылыгына Чүй облусунун губернатору Тойчубек Касымов дайындалды.

Акаев ошондой эле жума күнү Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында Жогорку соттун төрагалыгына Курманбек Осмоновду бекитүүнү парламентарийлерге сунуштап, макулдук алды.

Көз карандысыз байкоочулар жана оппозициялык маанайдагы саясатчылар мындай которуштуруу кадр саясатындагы сапаттык өзгөрүүлөрдү камсыз кыла албай тургандыгын белгилешүүдө. Маселен, депутат Апсамат Масалиев мындай дейт:

- Биринин ордуна бирин алмаштыргандан эч нерсе чыкпайт, аманчылык болсо көрөбүз го. Коркпой эле билген кишилерди чакырыш керек болчу.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бул аптанын экинчи жарымында «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоого эки айлык тыныгуудан кийин кайрадан киришти. Кыргыз тилинин күйөрмандары, үч жылдан бери талашта келаткан мыйзам долбоору бул аптадагы эки күндүк талкууда биртоп утушка жеткенин белгилешүүдө.

Бирок, мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген 10-берене боюнча орток пикир табылбагандыктанр, ал кийинкиге калтырылды. Талаш кандай чечилери азырынча бүдөмүк. Анткени, көпчүлүк депутаттар долбоордун өзөгүн ушул берене түзөөрүн, мыйзамдын кубаты ушул долбоорго жараша аныкталарын айтышса, айрымдары жобо башка улуттагы кызматкерлердин укугуна доо кетирерин белгилешүүдө. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов болсо бул Баш мыйзамдын 5-беренесине кайчы келет, ошондуктан, мыйзамдан биротоло алып салуу керек, деген сунушун айтты:

-Конституцияга каршы келген мыйзамды кабыл алууга болбойт да.

Бир катар укук коргоочулар менен айрым саясатчылар 7-февралда мындан эки жыл мурун ачкачылык акциясынын учурунда набыт болгон көз карандысыз экономист Шерали Назаркуловду эскеришти. Шералы Назаркулов 2002-жылдын башында Аксыдан шайланган депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялаган.

Ал эми апта башында АКШнын Европа жана Евразияга жардам көрсөтүү боюнча координатору Карлос Паскуал Бишкекте Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы саясий окуяларга, алардын ичинде келерки жылы күтүлүп жаткан шайлоо өнөктүктөрүнө байланышкан маселелерге кызыкты. Ушундай эле маселелердин айланасындагы талкуу Адам укугу боюнча Эл аралык Хельсинки федерациясынын вице-президенти Ульрих Фишер менен бийликтин, бейөкмөт уюмдардын, саясатчылардын жоон топ өкүлдөрүнүн ортосунда жүрдү. Иш сапарынын акырында Ульрих Фишерди шейшемби күнү Тышкы иштер министри Аскар Айтматов кабыл алды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG