Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

ЖАЛАЛАБАДДЫКТАР АКАЕВДИН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ПИКИРИНЕ КАНДАЙ КАРАЙТ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Президент Аскар Акаев түштүк аймактарын кыдырган кезде анын президенттик мөөнөтүн узартуу жана Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгаруу сунуштары айтылган. Буга карата жалалабаддык атуулдар түрдүү көз карашта. Айрымдар президенттин өлкө алдында сиңирген эмгегине ыраазылык билдирсе, башкалары мөөнөт узартуу сунушун бийлик уюштурган деп баалашууда.

Аскар Акаевдин Кыргызстанды «Борборазиядагы демократияга ыктаган мамлекет катары чет өлкөлөргө таанытып, саясий, социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдөгү эмгеги» ардагерлер, ишкерлер жана кызмат адамдарынын арасында колдоо таап келет. Алабука районунун өкүлү Акжамат Өскөнбаевдин пикири боюнча, чет өлкөлөрдүн нечен сыйлыгына татыган Аскар Акаев эмдигиче Кыргызстандын бир да сыйлыгын ала элек. Бул кенемтени толтуруу үчүн ал президенттин Жалалабад облсуна сапары учурунда мамлекет башчысына минтип кайрылган эле:

- Сиз дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин сыйлыктарына татыктуу болдуңуз. Бирок 12 жыл иштеп, биздин, кыргыздардын өзүнүн сыйлыгын ала албай атасыз.

Анткени менен коомчулук арасында турмуштун оңолуп жатканына ишенбей, статистикалык маалыматтарда айтылып жаткан өлкөнүн ийгиликтери менен макул болбогон адамдар да бир топ. «Ата Мекен социалисттик» партиясынын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин баалоосу боюнча, Аскар Акаевдин президенттин мөөнөтүн узартуу ою – бийликтегилер тарабынан атайын даярдалган адамдардан чыгып жатат. Президент өзү катышкан жыйындарда ушундай чакырык жасагандарга Конституциянын гаранты катары мыйзамды сыйлоо жагын эскертип коюусу керек эле, дейт Асылбек Текебаев:

- Элдин абалы өтө начар. Бул жерде биздин телегейибиз тегиз, кедейлик жок, кийинки мөөнөткө Аскар Акаевич өзүңүз кала бериңиз деген сөздөр, «дежур» адамдар тарабынан айтылды. Бирок, ошого биздин Конституциянын гаранты катары президент, «койгула мунуңуздар болбойт» деген сөзүн айткан жок.

Башка атуулдарды жаштардын келечеги ойлонтот. Жетиштуу маяна менен туруктуу жумуштун жоктугунан көпчүлүк атуулдар КМШ өлкөлөрүндө жүрүшөт. Жумушсуздук жогору. Тартиптүүлүк байкалбайт, коррупция күчтүү. «Экономика өйдөлөп, облуста жакырчылык 8% кыскарды» деген маалыматтарга ишенбеген Жалалабад шаарынын тургуну Абдуллабек Камбаров «президенттин мөөнөтүн узартууга мүмкүн эмес. Андай идея көпчүлүктүн эмес, уюшулган топтун пикири» деген ойдо:

- Мындай демилгени көтөргөндөр - атайын уюшулган топ. Алардын сунуштары карапайым элде кайчы пикирлерди жаратууда. Элдин абалы эң төмөнкү деңгээлге жетип бүттү. Президенттин мөөнөтүн узартуу мүмкүн эмес.

Быйылкы «Акыйкат башкаруу жана социалдык мобилизация жылында» жакырчылыкты азайтып, коррупцияга каршы күрөшүү, президенттин мөөнөтүн узартуу чакырыктарына кошулган Жалалабад шаарынын жашоочусу Келдибай кызы Толгонай мындай пикирде:

- Аскар Акаевич коюп аткан социалдык мобилизациялоо жылы биз жакшы иштеп, президенттин айткандарын аткаруубуз керек . Президенттин бизге белгилүү болгон ийгиликтери деле көп, Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу сунушун мен дагы колдоп кетем.

«Мындай ар түрдүү пикирлер айкындуулуктун үзүрү» деген ойдо турган областтык шайлоокомдун төрагасы Нурмамат Ашымов мындай дейт:

- Ар кыл ойлор болуп жатат. Бир тарап президентти колдоп атса, экинчи тарап мөөнөт бүткөндөн кийин кетиш керек деп атышат. Бул - демократиянын белгиси.

XS
SM
MD
LG