Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

ЖАПОНИЯЛЫК АСКЕРЛЕРДИН ЖАҢЫ ТОБУ ИРАККА КЕЛДИ


Жекшемби күнү эртең менен жапониялык аскерлердин бир тобу Кувейттен Иракка келишти. Жапониянын коргонуу күчтөрүнүн аскерлери Ирактын түштүгүндөгү Самава шаарчасына жайгашып, согуштан бүлүнгөе өлкөнү кайра куруу иштерине жардамдашат. Бул - жапониялык жоокерлердин Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу согуш жүрүп жаткан аймакка жиберилүүсү.

1-февралда Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралындагы базадан чоң салтанат менен жөнөтүлгөн жапон аскерлеринин экинчи тобу жекшемби күнү эртең менен Кувейттен Иракка өтүштү.

Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, 25 автомобилден турган кербенде жакшы куралданган 50 чакты жапон аскери бар. Капталдарына жапон жана араб ариптери менен “Japan” деп жазылган автомобилдер чек арадан өткөндө, аларды америкалык эки аскерий машине коштоп жүрдү. Жапониянын өзүн өзү коргоо күчтөрүнүн аскерлери мурда коалициялык аскерлер өткөн чөлдөгү чыйыр менен Ирактын түштүгүндөгү Самава шаарчасына чейин барышат да, аердеги өз мекендештиринин алгачкы тобуна кошулат.

Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуминин аскерлерди Иракка узатуу салтанатында айтышынча, алар ар кандай күжүрмөн операцияларга катышпайт:

- Силер согуштук же террорчуларды жок кылуу сыяктуу операцияларга катышпайсыңар. Силер күч колдонбойсуңар же айкашка кирбейсиңер. Силердин милдетиңер - Ирак элине өз өлкөсүн кайра курууда жардамдашуу.

Январдын экинчи жарымында Иракка келген жапониялык биринчи топтун командири, полковник Насахиша Сатонун сөзүнө караганда, ал жетектеген аскерлер негизинен калкты суу менен камсыздоого байланыштуу долбоорлорду ишке ашырышат:

- Биздин милдетибиз: сууну тазалоо жана суу менен камсыздоо, медициналык жардам берүү жана курулуш иштерине көмөктөшүү аркылуу Ирак элине колдоо көрсөтүү.

Самава шаарынын акими Мохаммед Али Хасандын айтымында, жергиликтүү эл жапондордун келиши менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, экономика жандана баштайт деген чоң үмүттө.

Бирок, Жапониянын тышкы иштер министри Кавагучи айым Самава регионунда элдин 70 проценти жумушсуз болгондуктан, калкты иш менен камсыздоо үчүн “экономикалык жардам жетишсиз” деп эсептейт.

Жапон өкмөтү Иракка бардыгы болуп 1, 5 миң аскер жиберет.

Иракты кайра курууну тездетүүгө кызыккан Кошмо Штаттардын кысымы астында, Жапониянын башкаруучу коалициясы былтыр июлда жапон аскерлерин Иракка жөнөтүү боюнча атайын мыйзам кабыл алган эле.

Премьер-министр Коидзуми 19-январда жапон парламентинде сүйлөгөн сөзүндө, аскерлерди Иракка жөнөтүү менен, өлкө дүйнөдөгү тынчтыкка салым кошоорун баса белгилеген:

- Биз адам күчү менен жардам бербестен туруп, жалаң гана материал жөнөтүп, эл аралык коомчулукка өз салымыбызда кошо албайбыз. Башка өлкөлөрдү жалгыз калтыруу коркунучтуу болушу мүмкүн. Финансылык жардам көрсөтүп, коргонуу күчтөрүбүз менен адамдарды жөнөтүп жардам берүүбүз өтө зарыл.

Жапониялык аскерлерге нукура гуманитардык миссия жүктөлгөн. Башмыйзамга ылайык, жапон аскерлери тыш жерлердеги эл аралык чатакты басууга катышпоо керек. Бирок, жапон аскерлерине кол салынса, алар өздөрүн коргоого акылуу.

XS
SM
MD
LG