Сенатор Жон Керри алгач Нью-Гемпшир жана Айова штаттарындагы ички шайлоолордо алдыга озуп чыккан. 3-февралда болсо АКШнын 7 штатында өткөн добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында 5 штатта ийгиликке жетишкен. Жекшембиде Жон Керри мурдагы жеңиштерин дагы бекемдеп, Мичиганда жана Вашингтондо да күчтүү атаандаштарын – Вермонттун экс-губернатору Ховард Диинди жана Түндүк Каролинанын сенатору Жон Эдвардсты артка калтырды. Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгын Мичиган Демократтар партиясынын төрагасы Марк Брювер жарыялады:
– Мичигандагы 2004-жылдагы партиялык шайлоонун жеңүүчүсү – Массачусетс штатынын сенатору Жон Керри. Ал азырынча штаттын алкагында 73 704 добуш алды. Бул – 50% кичине гана жетпейт – 49.98%.
Дүйшөмбүдө алынган акыркы маалыматтарга карганда, Жон Керри Мичиганда 52% добуш алды. Ал эми Вашингтон штатында 48% добуш топтоду. Эки штатта тең экинчи орунга экс-губернатор Ховард Диин чыкты.
Ички партиялык таймаштын жүрүшүндө Жон Керри республикачылдар партиясынын лидери, президент Жорж Буштун саясатына сын-пикирин айтып жатат. Жекшембиде Виржиния штатында журналисттерге берген маегинде Жон Керри кыргын салуучу куралдардын Иракта бар экендигин так аныктабай туруп эле согуш баштаган деп, президент Жорж Бушту сынга алды:
– Эми президент (Буш) элди согушка жиберүүнүн жана проблеманын жаңы себептерин айтып, тарыхты кайра жазып чыгууга аракет жасап жатат. Кыязы, ал 2002-жылы Американын элине жомок айтса керек.
NBCге берген маегинде президент Жорж Буш ““Иракка каршы согушту баштаардан мурда Ак үй Саддам Хусейндин кеңири кыргын салуучу куралдары бар экенин так аныктаган эмес” деген сын-пикирлер негизсиз” деген болчу. Ошол эле маалда президент Жорж Буш чалгын кызматынын согушту баштоого негиз берген маалыматтарында айрым каталар кеткенин да моюнга алган.
Жон Керринин айтымында, Кошмо Штаттардын азыркы бийлиги кайсы бир мамлекетке өзөктүк куралдар боюнча кине коюудан мурда кыргын салуучу куралдарга байланыштуу фактыларды так аныктап алууга тийиш:
– Менин оюмча, Америка элине факт керек. Билсеңиздер, биздин коопсуздук бүгүн коркунучта. Эгер бир айдан кийин Түндүк Корея коркунуч келтире баштады деп президент (Буш) Бириккен улуттар уюмуна кайрылса, Улуттар уюму анын айтканына ишенет беле? Менимче, Ирактын кеңири кыргын салуучу куралдары боюнча маалыматтардын чын – төгүнүн тактоо зарыл.
Ошол эле маалда республикачылдар менен демократтардын ортосунда мындан 35 жыл мурдагы Вьетнам согушуна байланыштуу жаңы талаш-тартыш чыкты. Демократтар “Жорж Буш менен Жон Керри экөө тең Йел университетин удаа бүткөн, эмне себептен Жон Керри Вьетнам согушуна барган да, Жорж Буш ал согушка катышкан эмес?” деген суроону коюшууда. Демократтардын айтымында, азыркы президент Вьетнам согушунан атасынын күчү менен калып калган болушу керек. Жорж Буштун тарапкерлери болсо мындай кинелерди четке кагууда.