Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭРКИН ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ КЫЛМЫШ ИШТЕРИ АЧЫЛАБЫ?


Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Адам укугун коргоо боюнча эларалык лига президент Аскар Акаевдин наамына кат жолдоду. Уюмдун кат жөнөтүшүнө маалымат каражаттарынын Ош шаарындагы ресурстук борборунун тонолушу негиз берген. Ушул жана буга чейинки болгон айрым окуяларды эске салган эларалык лига Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерге каршы куугунтук байкалып, бул өз кезегинде өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч келтирип жаткандыгын белгилеген.

Ош шаарындагы маалымат каражаттарынын ресурстук борборунун кеңсеси 4-февралдын түнүндө тонолуп, андан 5,5 миң доллар чамалаш баадагы компьютердик жабдуулар уурдалган. Ал компьютерлер ресурстук борборго жана АКШнын мамлекеттик департаменти каржылаган IREX уюмунун Оштогу бөлүмүнө таандык болчу. Токмок жеген кароолчунун маалымдашынча, ууруга кирген белгисиз эки адам журналисттерге ыдык көрсөтүү максаты бар экенин билдиришкен.
Мындай билдирүүнү азыр ресурстук борбор менен IREX уюмунун өкүлдөрү кеңсени тоноого байланышкан себептердин бири катары карап жатышат.

- Негизинде бул божомолдордун бири болууда, - дейт IREXтин Оштогу өкүлү Константин Трубицын: -Жабыр тарткан кароолчунун айтканына караганда, бизге зыян келтиргендер журналисттерди сөз кылышкан.

- Ушул үчүн эле жасалды деп кесе айта албайм, - дейт ресурстук борбордун жетекчиси Эрнис Мамырканов, - Себеби, божомолдор бир канча, алардын ар биринин алдында данек тургансыйт. Ошондуктан, биз тергөөгө киришкибиз келген жери жок.

Мамыркановдун айтымында, божомолдордун арасында, ресурстук борбордун кызматкерлеринин кылмышка аралашыш ыктымалдыгы да айтылууда. Мындай божомолду «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев да жокко чыгарбайт жана бул кылмышты журналисттик ишмердүүлүк менен байланыштыргысы келбейт:

- Бу жерде сөз эркиндиги үчүн куугунтук болуп атат деп айта албайм.

Ошентсе да, Адам укуктары боюнча эларалык лига президент Аскар Акаевдин наамына жолдогон катында бул окуяны көз карандысыз журналисттин ишмердүүлүгүн чектеген, маалымат каражаттарына коркунуч келтирген жагдай катары баалады. Лига окуяга мындай баа берүүдө коррупцияга байланышкан маселелерди иликтеген журналист катары саналган Эрнис Назаловдун сентябрь айындагы табышмактуу өлүмүн, «Моя столица» гезитинин кабарчысы Александра Черныхтын өткөн жылы январда белгисиз адамдар тарабынан таякталышын мисалга тарткан.

Эларалык уюмдун президентке жолдогон бул катындагы негиздемелер Ички иштер министрлигин ынандырган жери жок.

- “Журналисттер үчүн атайын жасалып жаткан кол салуу” деп айтканга эч кандай негиз жок, - дейт Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов. - Анткени, кылмышкер үчүн сен журналистсиңби, кассирсиңби, дарыгерсиңби - баары бир, ал ыңгайы келгенде тоноп алып баса берет. Ошондуктан, бул жерде эч кандай саясий түс берүүнүн кажети жок.

«Демократия жана атуулдук коом» коалициясынын президенти Эдил Байсалов болсо эларалык лиганын кабатырлануусун тең бөлүшөт:

- Менин оюмча саясий себептерби же коркутуп, журналисттерди кысымга алалы деген себеп болдубу, менимче, азыр айтыш эрте. Ошондуктан, биз дагы эларалык лиганын кайрылуусуна кошулабыз. Бул кол салуу, албетте, Кыргызстандын тартип коргоо органдары тарабынан изилденип, саясий себеппи, башка себеппи - аныкталышы керек.

Оштогу ресурстук борбор негизинен Ош, Баткен, Жалалабад облустарынын, Тажикстандын, Өзбекстандын журналисттерине кызмат көрсөтөт. Борбордун жетекчиси Эрнис Мамыркановдун айтымында, уюмдун Ош шаарындагы кеңсесине аптасына 250 чамалаш журналист каттап турат. Ал Швейцариялык «Симера» уюму баш болгон он чакты эларалык уюмдар менен кызматташат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG