ООНдун эксперттер бригадасы Иракта ашып барса он күндөй болот. Айдын этегинде алар Нью-Йоркко кайтып келет жана табышталган ишке байланыштуу отчет даярдашат. Иракта бийлик органдарын түзүүнүн ыкмалары жана анын мөөнөттөрү боюнча ООНдун сунуш-пикирлери эксперттердин докладында камтылган тыянактарга жараша болот, деп белгиледи Аннан.
Кошмо Штаттардын ООНдогу элчиси Жон Негропонте эл аралык эксперттердин тыянактарына Вашингтон олуттуу мамиле жасай тургандыгын ырастады. Ошону менен бирге Вашингтон бийликти өткөрүп берүүнүн акыркы мөөнөтү катары 30-июнду эсептей тургандыгын да кошумчалады. Буга байланыштуу Аннан маселени эксперттер Ирактагы бардык тараптар менен талкуулап чыгарын,эгер алар баары башка планды макул тапса, муну четке кагуу кыйын болорун эскертти. Ошол эле учурда ООНдун баш катчысы талашка түшкөн бул иште ирактыктар өз ара мунаса табарына да анчейин ишеңкиребей турганын моюнга алды.
Кофи Аннан эксперттер тобунун иши жакшы жүрүп жатканын билдирди. Алар америкалык-британдык убактылуу администрация мүчөлөрү менен жолугушту, ошондой эле Ирактын башкаруу кеңешинин бардык мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алдыдагы күндөрдө эксперттер аятолла Али ал-Систани менен кездешип, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кең-кесири пикир алышат. Аятолла мурдагыдай эле өткөөл парламентти шайлоо ишин жайга калтырбай, жакынкы аралыкта өткөрүүнү талап кылууда.
Бул учурда Иракта шейшемби күнү дагы бир чоң кыянатчылык жасалды. Искандерия шаарындагы полиция кеңсесинин жанында дүрмөттөлгөн машина жарылып, алгачкы маалыматтарда элүүгө чукул киши набыт болгону айтылды. Канчасы жарадар болгону белгисиз, коалициялык бийликтер азыр ишти териштирип жатышат.
Мындан бир күн мурда америкалык бийликтер “Ал-Каида” Иракта шийиттер менен сүннүлөрдүн ортосунда куралдуу адабат чыгарганга умтулуп жаткандыгын айтышкан эле. Аскери чалгынчылар жакында террорчулардын бир анабашчысы жазган катты кармап алышкан. Анда Абу Мусаба ал-Заркауи аттуу террорчу - болжолдо, ал иордандык болуу керек - исламдын эки башка масабын тутунган ирактыктарды кайраштырып, кырдыбычак абалга жеткирүү милдетин белгилеп, мындай шартта коалициянын абалы кыйындай тургандыгын көрсөткөн. Бул фактыны комментариялап, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кат ээси коалициянын пландарын ойрон кылуу үчүн Иракка колдон келишинче террорчуларды көп тартууну, алардын кеңири тармактарын түзүүнү сунуш кылгандыгын белгиледи. Бирок алардын ниети ишке ашпайт, деп айтты Пауэлл.