«Трансвааль паркында» сууга түшүп атып, окуяны өз көзү менен көргөндөрдүн айткандарына караганда, парктын түндүгүнүн бер болгондо 70 пайыздай жери көз ирмемде «жалп» деп үзүлүп түшүп, астындагылардын баарын басып калган.
Жарадар болгондордун эсеби 110 кишиге жеткен. Алардын 90 кишиси 13 оруканага жаткырылган. Урандынын астында, дагы, бери болгондо 17 киши бар дешүүдө.
Орусиянын ордо шаарынын акими муну террордук акт дешке болбойт деди.
- Биздин алгачкы баабыз боюнча имаратта жардыруу болгон эмес. Бирок окуянын себебин адистер териштирип чыгуулары керек, - деди Юрий Лужков.
Мэрдин айтканына караганда, кыйроо болоор алдында бассейндерде сууга түшүп аткан 436 киши болгон. Ал эми парктын ичинде ал кезде баш-аягы 1300 киши бар болгон.
Жарадар болгондордун арасынан 17 өспүрүм жана тестиер балдар оруканага жеткирилген. Интерфакс агенттиги билдиргенге караганда, 12 бала хирургиялык бөлүмдө жатат. Белгилүү балдар доктору Леонид Рошалдын маалыматы мындай болду:
- Биздин ооруканага бардыгы 11 бала түшкөн. Экөөнү үйүнө жибердик. Тогузу азырынча мында жатат.
Бассейндер комплексинин жабуусунун түшүп кетишинин себебин адистер менен эксперттер изилдөөгө киришти. Анын себебин кимдир бирөө паркты салгандардан көрсө, дагы бирөө анын долбоорунун чиймесин чийген инженерден көрүүдө. «РИА-Новости» агенттигине берген жообунда атын атагысы келбеген бир эксперт бассейндердин үстүн жапырт чүмкөгөн жука бетон жана айнектен жасалган жабуу парктын ичинин ысып-сууп турушуна жана нымдуулукка туруштук бере албай урап түшкөн.
Дегиңкиси, эки жылга жетпеген мөөнөт мурда түркиялык «Кочак Иншаат» фирмасы салган Ясеневодогу парк мынчалык бат бузулат деп эч ким күтпөгөнүн ким болбосун айтышууда.