Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ КАМ КӨРГӨН МЫЙЗАМ. СУУ ЖАНА КУМ-ТӨР ЧАТАГЫ. «ООГАНЧЫЛАРДЫН» ООГАНСТАНДАН ЧЫГАРЫЛГАН КҮНҮНҮН МААРАКЕСИ.


Өтүп бараткан жума ичинде Кыргызстанда «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кумтөр» алтын кенин иштетүү долбоорун кайра түзүү тууралуу макулдашуу боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Мындан 15 жыл илгери Ооганстандын аймагынан чыгарылган советтик жоокерлер кандуу күндөрдү дагы бир жолу эскеришти.

Өтүп жаткан жума ичинде Кыргызстандын тарыхында из калтыруучу башкы окуя- «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы болду. Үч айдан бери талкууланып келаткан бул мыйзамдын кабыл алынышын дээрлик бардык саясатчылар эгемендүү Кыргызстандын бир кадам алга жылуусу катары баалашты. Ал тууралуу оюн Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов:

- Бул мыйзам абдан жакшы мыйзам болду деп эсептейм. Себеби, бул жерде кыргыз тили биздин коомдогу, өзүнүн конституциялык акыбалына жараша өз ордун тапты. Бул мыйзам биздин өлкөдөгү башка тилдерге, айрыкча, орус тилине эч качан каршы келбейт, - деп билдирди.

Бирок, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Оң ордо» тобуна кирген депутаттар ага нааразылыгын билдирип, мыйзам Конституцияга карама-каршы келээрин жарыя кылышты. Алардын бири, депутат Зайнидин Курманов Мыйзам Конституциянын 5,16.17-беренелерине карама-каршы келип, дискриминацияга жол ачаарын жана тилди жакшы билбеген кадрларды жазалоонун куралы болоорун билдирди:

- Онунчу беренеге ылайык тилди жакшы билбейсиң деген кине менен көңүлгө жакпаган ар бир кызматкерди иштен алса болот. Ошондуктан, бул мыйзам коррупционерлерге табылгыс курал болду. Мындан тышкары мыйзамда тилди өнүктүрүүнүн каржылоо механизми жок. Каржы болбосо, эч кандай мыйзам ишке ашпасы өзүңүздөргө маалым. Андыктан, мыйзам толугу менен иштебейт жана мамлекеттик кызматкерлер 10-берене сыяктуу керектүү беренелерди гана тандап ишке ашырышат.

Жогоруда аталган депутаттык топтун өкүлдөрү мына ушул жагдайлар боюнча келе жаткан жума ичинде Конституциялык сотко арыз жолдогон жатышат. Алардын бул аракетин мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов колдоого алып, ага мыйзамдын чийкилиги негиз берээрин билдирди:

- Мыйзамдын жалпы табияты тоталитардык кыйноо жолу менен көргөзүлгөн. Тилди бул мыйзамсыз эле жана эч кандай чуусу жок эле өнүктүрсөк болмок. Анын көп жолдору бар. Бул мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты - коомдогу чыңалууну пайда кылып туруп, бийликти бөлүштүрүү.

Өтүп жаткан апта ичиндеги дагы бир олуттуу окуя - Борбор Азия регионундагы төрт мамлекет - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын суу ресурстарын пайдаланууга байланышкан жыйындын өтүшү болду. Маселенин чыгышына Казакстандын Шардара суу сактагычындагы суунун көлөмү жогорулап, бүткүл аймакты суу каптоо коркунучуна кептелткени түрткү болду.

Аталган мамлекеттердин вице-премьер министрлери Бишкекке чогулушканда Казакстандын вице-премьер министри Ахмеджан Есимов «Кыргызстан менен Өзбекстан сууну натыйжалуу пайдалануу боюнча ушул жылдын 4-январында Чимкентте кол коюлган келишимди толук аткарбай жатат» деп кине койду. Өзбекстандын вице-премьер министри Уткир Султанов да «Кыргызстан кыш айларында өз суу сактагычынан чыккан суунун көлөмүн азайтпай жатат» деп нааразыланды.

Мындай кинелерди Кыргызстандын вице-премьер министри Базарбай Мамбетов четке какты. Ал:

- Бүгүн бири-бирибизди майда-барат нерселер үчүн коркутуунун зарылдыгы жок. Андан көрө ири максаттарды ишке ашыруу үчүн аракет кылып, катуу чечимдерди кабыл алып аны аткарышыз керек, - деп билдирип, Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан секундуна кеткен суунун көлөмүн 500 куб метрге чейин азайткандыгын кабарлады.

Апта ичиндеги дагы бир өзгөчө окуя – Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Канаданын «Камеко» корпорациясы менен Кыргызстандын ортосунда 1992-жылы түзүлгөн келишимди кайра түзүү жөнүндөгү макулдашууга арналган парламенттик угуу болду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитетинин демилгеси менен өткөрүлгөн парламенттик угууда «Өкмөт Жогорку Кеңештин өткөн жылдын 20-июлунда «келишим парламенттин макулдугусуз реструктуризацияланбасын» деп кабыл алган токтомун бузду. Ошон үчүн бул маселени парламент талкууласын» деген чечимге келди.

Ал эми премьер- министр Николай Танаев апта башында жаңы макулдашууга арналган атайын маалымат жыйынын өткөрүп, макулдашуу Кыргызстанга пайда гана алып келээрин жарыя кылды. Андан кийин жума аягында болгон өкмөт жыйынында Кумтөр боюнча түзүлгөн жаңы макулдашууга колун туура койгондугун жарыя кылып, андан өлкөгө түшө турган пайда тууралуу кеңири маалымат берди. Акырында премьер «Кумтөр долбоору саналуу гана адамдын кызыкчылыгы үчүн кайра түзүлдү» деген депутаттар элди атайылап удургутуп жатат деп баалады:

- Бир караганда, алар элдин жыргалчылыгы үчүн жакшы иш жасап, мамлекет үчүн күйүп жаткандай көрүнөт. Чындыгына келгенде, мамлекетке зыян келтирип жатышат.

Николай Танаев мындай билдирүүдөн кийин өкмөттүн ар бир мүчөсү депутаттардын элди удургуткан аракеттерине каршы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү экендигин билдирди.

Бул апта мындан 15-20 жыл илгери Ооганстанда кызмат кылган Кыргызстандык жоокерлердин советтик аскерлердин Ооганстандын аймагынан чыгарылгандыгынын 15 жылдыгын белгилөөсү менен жыйынтыкталды. Бул окуяга арналган эскерүү жыйындары өлкөнүн бардык аймагында болуп, Ооганстанда курман болгон 259 жоокердин үй-бүлө, жакындарына материалдык жардам көрсөтүлдү. Улуттук гвардиянын башчысы, «ооганчы» Абдыгул Чотбаев «Данакер» ордени менен сыйланды.

XS
SM
MD
LG