Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

Бейөкмөт уюмдар менен укук коргоочулар өкмөткө кат жолдошот


БИШКЕК. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары премьер-министр Николай Танаевге, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкуловго жана Ички иштер министри Бакирдин Субанбековго өтүнүч кат жолдошот. Анда республиканын тартип коргоо органдары менен атуулдук коомдун ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү өтүнүшөт. Бул тууралуу бүгүн бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» аттуу коалициясынан маалымдашты. Бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, тартип коргоо органдары менен атуулдук коомдун тыгыз байланышта иштөөсү Аксы окуясы сыяктуу чыр-чатактардын алдын алууга жардам берип, өлкөдөгү тартип коргоо тармагындагы абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мындай пикир«Эл аралык толеранттуулук» уюму өткөн жумада уюштурган семинардан кийин бекемделди. Ага тартип сактоо органдарынын, укук коргоо жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

XS
SM
MD
LG