Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

КУВЕЙТ САММИТИ ИРАК КӨЙГӨЙЛӨРҮН ТАЛКУУЛАДЫ


Кувейтте Ирактагы азыркы кырдаал талкууланган эл аралык жыйын кечээ соңуна чыкты. Ага катышкан Түркийанын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Иракка кошуна өлкөлөрдү “регионалдык коопсуздук жана кызматташтык механизмин” иштеп чыгууга чакырды.

Өткөн жуманын айагында Иракка кошуна мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин адатка айланган саммитинин 5-олтуруму Кувейтте өткөрүлдү. Жыйынга Түркийанын атынан катышкан тышкы иштер министри Абдулла Гүл региондогу өлкөлөрдү өз алдынча коопсуздук жана кызматташтык өнөктөштүгүн негиздөөгө чакырды.

Жыйындын соңунда Ирак, Йорданийа, Сирийа, Сауд Арабийа, Иран, Кувейт, Бахрейн жана Египеттин, ошондой эле Түркийанын тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү кабыл алып, Ирактагы оккупацийанын мүмкүн болушуча тез арада соңуна чыгарылышы үчүн БУУнун ролун мындан ары чыңдоого үндөштү. Иракта бийликтин тез арада ирактыктарга өткөрүлүп берилүүсү талап кылынган корутунду билдирүүдө, ошондой эле, Иракта ишке ашырылып жаткан терракттар кескин түрдө айыпталып, Саддам Хусейин менен кошо анын режиминин мүчөлөрүн соттоо жөнүндө Ирак калкы кабыл алган токтомго канааттангандык билдирилди.

Кувейттеги жыйын айактап, элине кайтып келатканда учактын бортунда кабарчылар менен майектешкен Түркийанын тышкы иштер министри Абдулла Гүл бул конференцийадан алган таасирлерин айтып, чакан маалымат берди. Жакынкы Чыгышта Түркийаны да кошуп алганда бардык өлкөлөрдө акыл-эстүүлүк өкүм сүрө баштаганын айткан Гүл Түркийа басым жасаган бардык маселелер жыйындын корутунду билдирүүсүндө камтылгандыгын билдирди.

Ирактагы убактылуу башкаруу кеңеши жакын арада алмашуусу мүмкүн экендигин айткан Абдулла Гүлдүн байандоосуна караганда, жаңы башкаруу кеңешинде түркмөндөрдүн да өкүлчүлүгү болмокчу. Ал бул маселени Ирактагы убактылуу кеңештин тышкы иштер министри Хошйар Зебари жана БУУнун Ирак бойунча атайын өкүлү Лахтар Брахими менен да талкууга алган. Түркмөндөргө чоң адилетсиздик жасалып калды деп айткан Абдулла Гүл: “Ирак алардын дагы мекени болуп эсептелет. Бул талкууга Зебари дагы катышып биздин пикирибизди колдоп чыкты. Демек, акыл-эстүүлүк салтанат кура баштады”, - деп баса көрсөттү.

Абдулла Гүл, ошондой эле, конференцийа учурунда ага катышуучулардын көңүлүн өзүнө бурган “регионалдык кызматташтык жана коопсуздук механизмин” түптөө жөнүндөгү өз сунушун дагы чечмелеп берди. Бул тууралуу сунушту туура түшүнүү керек деп баса белгилеп, Гүл мырза бул кадам - Түркийа Евробиримдик жолунан тайып жатат дегендикке жатпай тургандыгын, тек гана ‘регионалдык өлкөлөр Евробиримдик кеткен жолду жолдоп коопсуздуктарын чыңдашы’ керектигин белгиледи.

- Түркийа Евробиримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн шексиз баштайт. Биз келечекте ЕБге мүчө болушубуз мүмкүн; бирок ошондо дагы географийалык өңүттөн алганда биз бул аймакта жашай беребиз. Мен муну пикир катары гана ортого таштадым; мурдатан бул ишке ашканда, азыркыдагыдай кагылышуулар жана тирешип туруулар болмок эмес”, - деп баса көрсөттү Абдулла Гүл.

Кийинки алынган маалыматтарга караганда, Кувейттеги жыйында Ирак, Кувейт жана Сауди Арабийанын өкүлдөрү “Иракка кошуна өлкөлөрдүн саммити” мындан ары өткөрүлбөсүн деген талап койушкан. Бирок алардын сунушу өтпөй, саммиттин келээрки отурумун май айында Египетте өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG