Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ЧАЛГЫНЧЫЛАР ИРАКТА КЫРГЫН КУРАЛЫН ТАБУУ КЫЙЫН БОЛООРУН СОГУШКА ЧЕЙИН ЭЛЕ ЭСКЕРТИШКЕН


Америкалык чалгын аналитиктери Ирак согушу башталаардан үч ай мурда эле Саддам Хусейндин кыргын куралдарын табуу кыйын болоорун эскертишкен, бирок эскертүү АКШнын президенти Жорж Бушка жеткен эмес. Бул тууралуу америкалык "USA Today" гезити жазып чыкты.

Ирак согушу башталганда, АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд Саддам Хусейндин куралы бар деп гана тикесинен тик турбастан, ал курал Тикрит жана Багдад шаарларынын аймагында табылат деп ырастаган. Оккупациянын 10 айында мындай курал табылган жок жана Рамсфельдге жакында Конгресстин комитетинде жооп берүүгө туура келди. Ал "курал" деп чындыгында "курал жайларын" айткан болчумун деди. Рамсфельд ошондой эле буларды кошумчалады:

- Силердики туура, "Алардын кайда экенин билебиз" деген менен, каалагандай болбой чыкты.

АКШнын президенти Жорж Буш ушул айдын башында Ирактын массалык кыргын куралы бар деп ырастаган согушка чейинки чалгын маалыматтары боюнча тергөө жүргүзүү үчүн көз карандысыз комиссия түздүрдү.

Дал ушул тапта "USA Today" гезити оккупацияга чейин үч ай мурда эле жашыруун чалгын иликтөөсүндө "Иракта мындай курал табылбайт" деп божомолдогонун жазып чыкты. Гезитке ылайык, бул изилдөө АКШнын Улуттук Коопсуздук кеңешине жиберилген, бирок ал президент Бушка чейин жеткен эмес. Эмне үчүн аскерий жана атуулдук чалгын аналитиктеринин изилдөөсү менен президент таанышпай калган? "Кеп изилдөөнүн көлөмдүүлүгүндө жана канчалык ишенимдүү экенинде" дейт АКШнын Мамлекеттик жана коргонуу департаменттеринин мурдагы чалгын аналитиги Энтони Кордесман. "Азаттык" менен маегинде Гордесман аналитиктер президентке ар тараптан такталган гана чалгын маалыматын бериши керек деди:

- Маалыматтын көлөмүн, канча барактан турганын өз көзүңүз менен көрмөйүнчө, алардын канчасы карама-каршылыктуу же божомолго негизделгенин билмейинче, дайым ушундай болот. Болоор иш болгондон кийин, кризис же катачылык орун алгандан кийин, кимдир бирөө убагында туура эмес айткан болуп чыгат. Баарын тыкат анализдегенде гана иштин төркүнүнө жетсе болот.

Кордесман азыр Вашингтондогу Стратегиялык жана Эл аралык изилдөөлөр борборунда эмгектенет. Ал эски чалгын маалыматына ашыкча маани берүүнү кыска ойлуулук деп эсептейт:

- Бүт ишти баштан-аяк карап, туура экени мүмкүн болгон ар бир билдирүүнү бирден терип, анан ошол маалыматтын баары жогору жакка жеткирүү мүмкүн эмес.

Отставкадагы генерал Эдвард Аткенсон Кордесмандын сөзүн туура деп эсептейт. Аткенсон чалгын кызматкери болгон, кийин АКШнын Борбордук Чалгын кызматында (CIA) штаб башчысы болуп иштеген.

АКШнын президенти күнүгө "Президенттин күндөлүк отчету" деп аталган маалымат топтому менен таанышып турат. Сейрегирээк болсо да, ал ошондой эле "Улуттук Чалгын Божомолун" окуйт. "Азаттыкка" берген интервьюсунда Аткенсон билдиргендей, фактылар менен жетиштүү негизделбеген маалымат улуттук же эл аралык коопсуздук үчүн айрыкча мааниге ээ болгон учурда гана аталган эки отчетко кириши мүмкүн:

- Президентке "Президенттин Күндөлүк отчету" менен "Улуттук Чалгын Божомолдорунун" оор-топон маңызы көрсөтүлүшү керек. Президентке аталган документтерге киргизилбеген нерселерди берүү ашыкча болуп калат.

XS
SM
MD
LG