Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

ОРТО КЫЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗ КУРАЛ ЖАРАКТАРЫ


Кыргыз каганатынын күч алышы, ириде мамлекет катары түптөлүшүнө аны тышкы душмандардан коргогон, чарбасын өнүктүрүп, өлкө биримдигин чыңдаган адамдардын ишмердигине байланыштуу. Өлкөнүн кубаттуу мамлекеттер катарына кошулушуна албетте, кыргыз усталары узанган курал-жарактардын да мааниси зор.

«Орто кылымдагы кыргыздардын кубаттуу мамлекет курушунун себеби эмнеде?» деген суроо илимпоздордун көңүлүн буруп келген эбак. Албетте, буга биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу менен калк ортосунда орун алган ырашкерчилик, ийкемдик жана геосаясат себеп болсо, экинчиден, кыргыздардын чарбасы жана анда эмгектенген уста, уздардын салымы зор. Кыргыз куралынын укмуштай сапаты туурасында кабар алардын IX кылымдагы согуш ийгиликтеринин учурунда белгилүү болуп, кылыч, жааларынын атагы алыска тараган.

Кытай империясынын стратегдери кыргыз куралынын сапатына тамшанышып, алар жөнүндөгү маалыматтарды тарыхый хроникаларга жазышкан. "Кыргыздар шумдуктуудай курал жасашат, дайыма түрктөргө алып барып сатышат" деп айтылат кытай жазма булагында. Жазма даректерде кабарлангандай кыргыздардын куралдары аябагандай курч болуп, жаанын жебеси кериктин терисин тешкен. Демек, кериктин териси ал ошол убактагы коргонуу каражатынын зор жетишкендиги саналган. Кериктин териси азыркы «бронижелет» сыяктуу жоокерлерди душмандын огунан коргогон. Орто кылымдын авторлору аны жалгыз гана кыргыздардын жаасы тешет деп белгилешкен. Кыргыз куралынын кыйраткыч күчүнүн сыры эмнеге байланыштуу деген суроо туулат.

Кытай автору "Кыргыз өлкөсүндө көкө теңирден жаап түшкөн көк темир бар, аны бычак жана кылыч жасаш үчүн жыйнап алышат. Ал укмуштудай курч" деп кабарланат. Кыргыздар курч болоттун жасалышын эч кимге айтпай, купуя сакташкан. Кытай автору "качандыр бир ал жактан келген өкүлдөн “темирди кантип аласыңар?” деп сурашканда, ал жашырып, жооп бербей койгон" деп жазган. Анда эмесе кыргыз курал жарактары боюнча археолог Кубатбек Табалдиевдин оюн угуп көрсөк:

- Чынында эле курч болот кыргыздар жашыргыдай, аны көздүн карегиндей сактагыдай касиети болгон. Алар мындай курал-жарактар менен мекенин коргоп, ашыкча жасалгандарын коңшуларга сатышкан. Кытай мамлекети менен түрк аскерлери көксөгөн кыргыздын курал-жарактары тышкы сатыкка чыгарылган , ошондуктан, Кыргыз каганатынын сыймыгы жана киреше булагы болуп саналган. Кыргыздар курч болоттон тышкары, канжар, найза, ай балта, чокмор, душмандын аскерлерин аттан оодара тартчу башы илмек темир бакандарды колдонушкан.
XS
SM
MD
LG