Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:29

КЫРГЫЗСТАНДА ШАРП ЫЛАҢЫНА ЧАЛДЫККАН 1729 КАРА МАЛ КАТТАЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 16-февралда Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитетинде кара малдын шарп ылаңына байланыштуу абал талкууланды. Мамлекеттик ветеринария департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Алиевдин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда шарп ылаңына чалдыккан деп шектелип 1759 кара мал катталды. Анын 229у учурда өзгөчө көзөмөлдө турат.

Жыйындын катышуучулары аткаруу бийлиги ветеринардык, санитардык, экономикалык коопсуздук саясатын ырааттуу жүргүзбөгөндүгүн белгилешип, маселени териштирүүнү Башкы прократурага тапшыруу тууралуу чечим кабыл алышты. Мамлекеттик ветеринария департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Алиев депутаттарга кара малдын шарп ылаңы тууралуу маалымат берди. Анын айтымына караганда, шарп ылаңы биринчи жолу Тажикстандын Чорку деген айлынан Баткен облусуна алынып келген кара малда байкалган. Кыргызстандын тиешелүү бийлик өкүлдөрү ал малды дароо жок кылышкан. Андан көп өтпөй Тажикстандын Мургаб районунан алынып келинген жети мал шарп ылаңына чалдыкканы аныкталган. Бакыт Алиевдин айтымында, бүгүнкү күндө шарп ылаңы Кыргызстандын бардык дубандарында бар:

- Биздин маалымат боюнча, өлкөнүн 48 жеринде шарп ылаңы катталды. Анын ичинде Баткенде беш, Ошто эки, Жалалабадда үч, Таласта эки, Нарында үч, Ысыккөлдө жети, Чүйдө жыйырма беш. Бардыгы 1759 кара мал «ылаңдаган» деп катталды. Алардын баарына дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө 229 бодо «шектүү» деп кармалып турат.

Бакыт Алиевдин айтымында, мындай маалымат өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна тишелүү болгондуктан, буга чейин шарп ылаңы тууралуу массалык маалымат каражаттарына толук маалымат берилбей келген. Ошондой болсо да мындан бир нече күн илгери Казакстан бийлиги шарп ылаңына байланыштуу Кыргызстандан сүттөн жасалган продукцияларды сатып алууга тыюу салган. Бирок андай тыюу алынып салынганын Бакыт Алиев мындайча билдирди:

- Жакындан бери мамлекеттик ветеринария департаментинин аракети менен Казакстандын аткаруу бийлиги кайрадан Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт, эт продукцияларын алууга уруксат берди.

Мамлекеттик департамент башчысынын жогорудагыдай жообу депутаттарды канааттандырган жок. Депутаттар Кыргызстандын аткаруу бийлиги шарп ылаңын алдын алуу боюнча жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгүн, ооруган малга убагында дарылоо иш-чаралары жүргүзүлбөгөндүгүн бир ооздон белгилешти. Адахан Мадумаровдун пикиринде, аткаруу бийлиги өлкөдө санитардык-ветеринардык жана экономикалык коопсуздук саясаттын ырааттуу жүргүзбөй келет. Ал эми мамлекеттик ветеринария департаментинин жергиликтүү кызматкерлери өкмөт эсебинен шарп ылаңын дарылоого бөлүнгөн каражат менен бизнес жасоодо:

- Кыргызстанда ветеринардык-санитардык, экономикалык коопсуздук саясаты эч убакта жүргүзүлбөгөн жана жүргүзүлбөйт. Бүгүнкү күнү аткаруу бийлигинин жер-жерлердеги өкүлчүлүгү мамлекеттин эсебинен малды дарылоого бөлүнгөн акчага бизнес жасашууда. Алар бир абышканы кемпири менен жетелеп барып, «он жолу укол албаса малың айыкпайт» дейт. Бир укол 25 сом турат. Мындай көрүнүштү биз айылдан көрүп келдик, - деди Адахан Мадумаров.

Ал эми депутат Алишер Абдымомунов болсо, Кыргызстандын эларалык экономикалык кадыр баркын кетирбей, 229 малды союп, жоготпойсуңарбы деген пикирин айтты:

- Азыр Кыргызстанда малдын этин эч ким албай калды. Силер, «өкмөттөн беш тыйын бөлдүрүп алабыз» деп жатып, Кыргызстандын экономикалык кадыр баркын кетирип жатасыңар. Ошол 229 малды карап отурбай, «союп жок кылдык» деп дүйнөгө айтпайсыңарбы!

Мамлекеттик ветеринардык департаментинин башчысы Бакыт Алиевдин айтымында, өкмөттүн ылаңдап жатышы мүмкүн деп шектелип жаткан малды союп, анын ордун толуктоого мүмкүнчүлүгү жетпейт:

-Бүгүңкү күнү ылаңдаган малды союп, анын ордуна мал алып берүүгө өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жок. Бул акча бюджеттен каралбаса, мындай кадамга эч ким макул болбойт.

Жыйынындын соңунда депутаттар Кыргызстанда шарп ылаңына байланыштуу түзүлгөн абалга аткаруу бийлигинин көңүлүн буруу максатында кырдаалды иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшыруу тууралуу чечим кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG