Дүйшөмбүдө Иракта жолго коюлган бомбага жарылып АКШнын 2 аскери набыт болушту. Ушул эле күнү Багдаддагы башталгыч мектептин алдындагы аянтта граната жарылып кетип, бейкапар ойноп жүргөн бир өспүрүм жантаслим болуп, дагы төртөө жараат алышты. Америкалык командачылык өткөн ишемби күнү АКШлык баптисттердин лидерлерин салып бараткан такси буктурмадан аткыланып, андагы бир динаятчы өлүп, үчөө жарадар болгонун ырасташты.
Шейшембиде Кербала шаарындагы аялдардын борборунда чыгып сүйлөгөн Ирактагы америкалык башкаруучу Пол Бремер ушул айдын аягында күчүнө кире турган утурумдук Конституцияда ислам – мамлекеттик дин, бардык мыйзамдарга дем берчү булак катары көргөзүлөөрүн кабарлап, бирок исламдын жол-жоболору – эч убакта өлкөдөгү мыйзамдар үчүн негиз боло албайт деп белгиледи. Ирактын башкаруу кеңешинин учурдагы президенти, сунни мусулмандардын өкүлү Мохсен Абдел-Хамид Башмыйзам шариятка шайкеш болсун деген сунушун кайталап жатат.
Ал анткен менен, ирактык аялдардын кыймылдары өз укуктарын аягына дейре коргоорун эскертип, өлкөдө көптөн бери калыптанып калган секулярдык система сакталып калышын талап кылууда.
Кербаладагы жолугушууда: "Эгерде Ирактык жетекчилер бардык мыйзамдарды Шариятка ылайыкташтырып жазууну талап этишсе, кандай болот?" – деген суроого Пол Бремер: "Биздин бул маселедеги көз карашыбыз дайын. Утурумдук Конституция мен кол коймоюнча мыйзам боло албайт", - деп жооп берди. Чынында да, 25 мүчөдөн турган Ирактын башкаруу кеңеши жактырган бардык документтер Бремер кол коймоюнча күчүнө кирбейт. Ошондуктан ирактык шийилер утурумдук Конституцияны эл шайлаган мыйзамчылар жактырышын колдоп жатышат. Ал эми Вашингтондун планы боюнча, Ирактын туруктуу Башмыйзамын 2005-жылга дейре элдин талкуусуна алып чыгып, кабыл алуу мүмкүн эмес.
Ирактык аялдардын уюмдары эгерде Конституция шариятка негизделип жазылса, анда алардын күйөөсү менен ажырашуу мүмкүндүгү катуу чектелип, балдарга алимент төлөтүү, мураскорлук маселелеринде кыз-келиндердин укуктары басмырланат деп чочулашат. Шарият боюнча, мураскорлук маселесинде кыздарга балдарга караганда эки эсе аз үлүш тийиши каралган. Андан сырткары ирактык аялдар исламдын жол-жоболору киргизилсе, көп аял алуу, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү өңдүү жагымсыз көрүнүштөр жайылтылат деп чочулашат.
Ушул айдын башында АКШнын Өкүлдөр палатасынын 45 мүчөсү президент Жорж Буштун наамына жазган катында Ирактагы саясий реформалар маалында аялдардын укуктарын эстен чыгарбоого чакырышкан.
Башмыйзамдын тегерегинде талаштар жүрүп жаткан чакта Иракта капилет кол салуудан, жардыруулардан каза тапкан адамдардын саны өсүүдө. Дүйшөмбүдө Бакуба калаасында жолго коюлган бомба жарылып, АКШнын бир аскери курман болуп, дагы үчөө жараат алышты. Багдаддын борборунда ушул эле күнү дагы бир жардыруудан америкалык жоокер набыт болду. Коалициялык күчтөрдүн жетекчилеринин айтымында, былтыр март айында Иракта согуш башталгандан бери курман болгон америкалык аскерлердин саны ушуну менен 540 адамга жетти.
Пентагондун өкүлдөрү Ирактагы соңку чабуулдарды чет элдик согушкерлер уюштуруп жатабы, же жергиликтүү козголоңчулардын аракетиби? – деген суроого баш катырып жатышкан. Дүйшөмбүдө АКШлык генерал Марк Киммит өткөн аптада Фаллужада 25 ирактыктын өмүрүн алган куралдуу чабуулду жергиликтүү согушкерлер жүзөгө ашырышты деп билдирди. Генерал маалымдагандай, ал кандуу кол салуу боюнча башталган тергөө маалында Фаллужанын ошол окуянын алдында кызматынан баш тарткан экс-мэри баш болгон бир катар шектүү адамдар суракка алынышты.