Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

ИРАН: ХАЙЯМ БЕКЕТИНДЕГИ ЖАРЫЛУУ КЕМИНДЕ 182 КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛДЫ


Бүгүн таңга маал Ирандын Нишапур шаарына жакын Хайям деген темир жол бекетинде цистерналар жарылып, анын айынан бери дегенде 182 киши өмүрүнөн айрылды жана 350дөй киши жаракат алды. Бул окуя унаа жана өндүрүш коопсуздугу маселесине бүткүл дүйнө жүзү боюнча олуттуу маани берүү зарылдыгын көрсөтүүдө.

Бул каргашалуу окуя Ирандын түндүк-чыгышындагы Хорасан вилайетинде Нишапур шаарынан 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Хайям темир жол бекетинде Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 11ден 07 мүнөт өткөндө болду. 50 цистерна жана жүк ташуучу вагондор чиркелген состав өзүнөн-өзү ордунан жылып кеткен. Беш сааттан соң, ал темир жол релсинен чыккан жана эбегейсиз зор жарылуу болгон. Жарылуунун себеби катары цистерналар менен вагондор кулаганда, күкүрт кислотасы, мунайзат, пахта жана химиялык жер семирткичтердин аралашып кеткени айтылууда.

Жарылууга чейин эле ондогон өрт өчүргүчтөр цистерналардын өртүн өчүрүү үчүн бар аргасын жасап жатышкан. Бул ири жарылуунун айынан кеминде 182 киши набыт болгону, 350дөй киши ар кандай даражадагы жаракат алганы кабардалууда. Набыт болгондордун арасында бир канча өрт өчүргүч жана жакынкы беш кыштактын тургундары да бар.

Хорасан вилайетинин акиминин орун басары Мохаммад Магдури каза болгондордун саны мындан да көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти. Каргашалуу окуя болгон жайга чукул жардам көрсөтүү үчүн сактап калуучулар жана дарыгерлер жеткирилди. Жарадар болгондордун бир далайы вилайет борбору Мешхед шаарынын ооруканаларына жайгаштырылды.

Бул каргашалуу окуя - өлкөдө жакынкы эки айдын ичинде болуп өткөн экинчи ири кайгылуу окуя болуп калды. Өткөн жылдын 26-декабрында тарыхый шаарлардын бири – Бамда ири жер титирөөнүн айынан шаардын кыйла бөлүгү жер менен жексен болуп, анын 40 миңден ашуун тургуну өмүрүнөн айрылган.

Дүйнө жүзүнүн башка аймактарында да Ирандагыдай жарылуулардын айынан көп сандаган кишилер набыт болгон окуялар катталган. Маселен, 1989-жылы 4-июнда Маскөөнүн чыгышында бир темир жол бекетинде газ жарылып, 645 киши набыт болгон. 1995-жылы 20-августта Индиянын Ферозабад шаарында эки поезд кагылышып, анын айынан 305 киши өлүп, 344 киши жаракат алган. 1998-жылы 3-июнда Германияда Мүнхенден Гамбургду көздөй чыккан поезд релстен чыгып кетип, 101 киши набыт болуп, 88 киши жаракат алган. 2002-жылы 20-февралда Мысырда (Египет) Каирден Асуанга келе жаткан поездде өрт чыгып, 361 кишинин өмүрүн алган.

Бул жана башка окуялар унаа жана өндүрүш коопсуздугу маселесине бүткүл дүйнө жүзү боюнча олуттуу маани берүү зарылдыгын көрсөтүүдө. Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуул – коопсуздук маселесинин буга чейин болуп көрбөгөндөй алда канча татаал кырларын айгинелетти.

XS
SM
MD
LG