Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

БИШКЕК-ОШ ЖОЛУНДАГЫ КЫРСЫК: ЖАРАТКАНДЫН ЖАЗГАНЫБЫ ЖЕ ШАЛААКЫЛЫКПЫ?


17-февралда Ош-Бишкек жолунда жүргөн көчкү төрт адамдын өмүрүн кыйды. Жети киши жабыркап, ооруканага жаткырылды.Шаршемби күнү эртең менен биринчи-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев баш болгон жетекчилер кырсык болгон жерге барышты.Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды.

Ушул күндөрдө Бишкекке келаткан 300гө жакын автоунаа Бишкек-Ош жолунунун Токтогул районунун аймагындагы бөлүгүндө жолдун ачылышын күтүп турушат. Бирок жакынкы үч-төрт күндө жолдо жүрүүгө шарт түзүлбөйт деген маалымат бар. Анткени ал аралыкта Бишкек-Ош жолундагы топтолгон карды атып түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу биринчи-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев кырсык болгон жерде жүргүнчүлөр жана айдоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди. Мындай маалыматты “Азаттыктын” кабарчысына өкмөт мүчөлөрү менен бирге кырсык болгон жерге барган Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин маалымат катчысы Эмил Акматов берди.


- Биринчи вице-премьердин айтымына караганда, бүгүн эртең менен Оштон коргоо министрлигине караштуу эки замбиректи алып чыгышты. Баарын эсептеп, карап чыгышкандан кийин, эртең карларды атып түшүрө башташат.

Кырсык болгон жерге биринчи-вице-премьер-министр менен бирге экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, коргоо министри Эсен Топоев да барышты. Алар кырсык болгон жердеги жагдай менен таанышып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты. Эмил Акматовдун билдиргенине караганда, азыр ал жерде куткаруу иштери уланып жатат:

- Жол толук тазаланып бүтө элек. Бирок жол ачылыптыр. 198-чакырымда кар жок. 133-чакырымдагы кар тазаланган. Азыр 220-223-чакырымда кичине кар бар экен, аны тазалап бүтүп калышты. Ошого карбай 17 машина кардын алдында жатат.

Ал эми Токтогул райондук оорукананын башкы дарыгери Эркин Кожомбердиевдин айтымында, кырсыктан мерт болгон төрт адамдын экөөсүнүн ким экендиги тактала элек. Ооруканага жаткырылгандардын абалы түзүк. Дарыланып жаткан 7 адамдан башка эч ким кайрыла элек.

Куткаруучулар көчкүнүн алдында дагы адамдар болушу ыктымал деп болжоп жатышат.

Ал эми айрым байкоочулар болсо жаратылыш кырсыгын алдын-алууга болор эле дешет. Жалалабад облусунун губернаторунун маалымат катчысы Орозалы Карасартовдун айтымында, облустук ички иштер кызматы кырсыктын айланасындагы жагдайларды териштирүүгө киришти:

- Бул кырсык боюнча бизде облустук штаб түзүлдү, - дейт Орозалы Карасартов, - Облустук ички иштер кызматынын башчысы генерал-майор Рашид Тагаев көчкү болгон жерге барып келди. Азыр атайын иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо "көчкү жүрүшү мүмкүн деген маалымат мурда эле элге таратылган болчу" деп билдирүүдө. Бирок, кырсык болгон күнү Сосновка бекетинен автоунаалар чектелбей эле өткөрүлгөн экен. Натыйжада 17 автоунаа кар алдында калып, 150 автоунаанын жолу буулуп калган. Азыр 17 автоунаанын ичи толук текшерилип бүттү. "Кар көчкүдөн улам токтоп калган машиналар жол ачылган соң кайра сапарын уланта баштады", деген маалымат да бар.

Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, кооптуу жерлердеги карлар жасалма жол менен атылып түшүрүлмөкчү. Ошол учурда Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылат. Бишкек-Торугарт, Каракол-Эңилчек, Нарын–Казарман жолдорунда көчкү жүрүшү ыктымал деген да маалымат күчүндө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG