БИШКЕК. 20-21-февралда Алматыда Борбор Азия кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жыйынга Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жетектеп бармакчы. Анда «Борбор Азия экономикалык кызматташтык» уюмунун укуктук келишим базасын кайра карап чыгуу, Борбор Азия кызматташтык жана өнүгүү банкын жоюу маселелери каралат. Ошондой эле бүгүн Алматыда тараптардын эксперттери жолугушат. Ал эми 19-февралда Борбор Азия кызматташтык уюмунун улуттук координаторлорунун жолугушуусуна Кыргызстандан Базарбай Мамбетов баштаган делегация катышат.