Орусиянын аскерий ордосунун орун басар башчысы генерал Юрий Балуевскийдин айтымында, Орусия жаңы ракета чыгарды жана ал дүйнөдө азыр бар болгон кандай болбосун антиракеталык системаны жокко чыгара алат. 18-февралда ал ракетаны сыноо ийгиликтүү аяктаган. 1970-жылдарда АКШ менен СССР ракета куралдарын чектөөгө макулдашкан, бирок 2002-жылы президент Жорж Буштун өкмөтү ал келишимден чыгып кетип, АКШ жаңы антиракеталык система кура баштаган. Ал система 50 миллиард доллар турат.