Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

ИРАНДА САЯСАТЧЫЛАРДЫ ЭКИГЕ БӨЛГӨН ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Иранда жума күнү таң эртең менен парламенттик шайлоо башталды. Ага өлкөнүн конституциясына ылайык, 15 жаштан өйдө курактагы 46 миллиондой адам катышышы керек, бирок Ирандагы бир катар реформачыл кыймылдар жана студенттердин уюмдары шайлоого бойкот жарыялашкан.

Жума күнү эртең менен алгачкылардан болуп Тегерандагы шайлоо участкасында Ирандын Жогорку диний лидери Аятолла Али Хаменеи добуш берди.

- Мен бактылуу адаммын, анткени биринчиден, өзүмдүн милдетимди аткардым, экинчиден, Иранда ар бир атуулдун парламенттик шайлоодо добуш берүү укугу бар, мен дал ошол укугумдан пайдаландым.


Андан аркы сөзүндө ал Иран Ислам республикасынын душмандары жаштарды шайлоого катыштырбоого далбас уруп жатышат деп, саясий өнөктүккө бойкот жарыялаган реформачыл кыймылдар тарапка сөөмөй кезей кетти. Мамлекеттик телеканалдар көргөзгөн интервьюсунда Ирандын диний лидери калкка кайрылып: "Иран элине жана ислам төңкөрүшүнө ким каршы экенине өзүңүздөр күбө болдуңуздар", - деп белгилей кетти.


Ирандын Көзөмөл кеңеши парламенттик шайлоодон 2 жарым миңдей талапкерди четтетип салганына нааразылык билдирип, бир катар реформачыл саясатчылар жана студенттердин кыймылдары жума күнкү шайлоого бойкот жарыялашкан. Шайлоого катышуу укугунан ажыратылгандар арасында эл арасында кеңири таанымал 80дей депутат да бар. Бойкот жарыялагандардын башында президент Мохаммад Хатаминин бир тууган иниси Мохаммад Реза Хатами жетектеген Ирандын исламдык катышуу майданы турат. Батыштык бир катар маалымат каражаттары Ирандык укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын ээси Ширин Эбади да добуш берүүдөн баш тартканын маалымдашкан. Эбади айым жума күнү анын себептерин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

- Мен шайлоого бойкот жарыялаган жерим жок, бирок добуш берүүгө катышпайм, анткени талапкерлердин баары мен үчүн таптакыр бейтааныш адамдар экен.


Ирандын расмий маалыматтары боюнча, болочок парламенттеги 290 орун үчүн 4 жарым миңдей талапкер ат салышууда. Алардын арасынан татыктууларды тандоо өнөктүгүнө өлкөдөгү 15 жаштан жогору курактагы 46 миллиондой адам катышышы керек. Бирок бул ирет ирандыктар 289 депутат үчүн добуш беришет, парламенттин акыркы мүчөсү жаңы жыл алдындагы катуу жер титирөөдөн жабыр тарткан байыркы Бам шаарында кийинчерээк тандалаары белгиленген. Эгерде кайсы бир шайлоо участкаларында талапкерлердин эч кимиси добуштардын 25%ын чогулта албай калса, алдыга озуп чыккан эки талапкер кийинчерээк өтө турган кезектеги айлампада кайрадан күч сынашат.


Парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары ишембиде айтыла башташы мүмкүн, бирок такталган расмий маалыматтар андан кийинки бир нече күн ичинде маалым болот. Байкоочулар бирок эмитен эле Ирандын жаңы парламентинде консервативдик күчтөр басымдуулук кылат деп боолгоп жатышат. Мындай пикирлерге жума күнкү шайлоо алдындагы Иран бийликтеринин жүргүзгөн катаал саясаты түрткү болууда. Аятолла Али Хаменеи тарабынан дайындалчу 12 кишиден турган Көзөмөл кеңеши 2 жарым миңдей талапкерди исламдын жол-жоболорун бузганы, же конституцияга акаарат келтиргени үчүн четтетсе, ушул аптада Жогорку диний лидердин наамына реформачыл кыймылдардын лидерлери жазган катты жарыялаганы үчүн Тегеранда эки гезит жабылды. Ошондой эле президент Хатаминин иниси жетектеген реформачыл маанайдагы Исламдык Ирандын катышуу майданы кыймылынын иш кеңсеси полиция тарабынан бекитилип, алардын интернеттеги басылмасы ачылбай калды.


Жума күнү Ирандагы мамлекеттик телерадиоканалдар патриоттук ыр-күүлөрдүн коштоосунда шайлоого миңдеген кишилер катышып жатканын улам кайталап көргөзүп, реформачыл кыймылдардын акциясы тууралуу ооз ачкан жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG