Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Санкт-Петербург шаарынын губернатору Кыргызстанга келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын губернатору Валентина Матвиенко Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаарынын ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Валентина Матвиенко баштаган делегация бир күндүк иш сапары менен Бишкекке кечээ түнү келген. Иш сапардын учурунда Матвиенко менен Ош шаарынын мэри Сатыбалды Чырмашев эки шаардын достугу жөнүндөгү макулдашууга да кол коюшту. Ушул эле күнү «Хаят» мейманканасында бизнес-форум өтүп, анын аягында ишканалар ортосунда да эки тараптуу төрт макулдашууга кол коюлду. Тараптар Кыргызстанда жана Санкт-Петербургда соода өкүлчүлүктөрүн ачууну болжолдошту. Расмий делегация ушул эле күнү Орусиянын аскер күчтөрү жайгашкан Кант авиабазасында болду. Валентина Матвиенконун айтымында, Кант базасына «Санкт-Петербург» базасы деген ат берилип, шаар базаны толугу менен камкордукка алат.

XS
SM
MD
LG