Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Батумиде Аслан Абашидзенин тарапкерлери менен каршылаштарынын кагылышуусу болду


БАТУМИ. Бүгүн Батумиде Грузиянын Ажария автономдуу чөлкөмүнүн лидери Аслан Абашидзенин тарапкерлери менен каршылаштарынын ортосунда кагылышуу чыгып кетти. Андан жабыркагандар жөнүндө маалымат жок. Тбилисидеги жетекчилик окуяны иликтөөгө жана тартип коргоо органдарына региондогу тынчтыкты калыбына келтирүүгө буйрук берди. Анын аралыгында бүгүн Батумиге Абашидзе менен сүйлөшүү үчүн Еврокеңештин баш катчысы Валтер Швиммер келди. Грузияга үч күндүк визитин аяктап жаткан Швиммер Тбилисиде президент Михаил Саакашвили жана башка жетекчилер менен жолукту.

XS
SM
MD
LG