Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:48

ИРАНДАГЫ ШАЙЛООДО ЭСКИЧИЛДЕР ЖЕҢГЕН ШЕКИЛДҮҮ


Иранда жума күнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыктары эсептелип такталууда. Алдын-ала маалыматтар боюнча, бу жолку шайлоодо консервативдик күчтөр жеңишке жетишкен өңдүү. "ИРНА" кабар агенттиги Тегеранда шайлоочулардын активдүүлүгү өткөндөгү шайлоого караганда төмөн болгонун маалымдады.

Ирандагы реформачыл күчтөр бу жолку шайлоодон 2 жарым миңдей талапкер четтетилгенинен улам ага бойкот жарыялап, элдин татыктууларды тандоо укугу чектелип, өнөктүк - жасалма кампанияга айланганын айтып жатышат. Ал эми консерватордук кыймылдардын өкүлдөрү алдын-ала айтылган маалыматтардан улам эмитен эле жеңишин майрамдап киришти.


Жума күнү Ирандагы мамлекеттик телерадиоканалдар керээлден кечке миңдеген кишилер добуш берүүгө катышып жатканын шаңдана кабарлап жатышты. Добуш берүү участкалары чектелген мөөнөттөн төрт саатка кеч жабылды, Ирандын Жогорку диний лидери аятоллла Али Хаменейи баш болгон жетекчилер маалымат каражаттары аркылуу калкка кайрылып, шайлоого жандуу катышууга үндөп жатышты. Атүгүл өлкөнүн түндүк тарабындагы Шабзевер шаарынын имамы Хасан Риванди: "Добуш берүүгө катышпасам, мен мусулман болбой калбаймынбы", - деп элдин диний сезимдерин козгогонго чейин барды.



Мурунку 2000-жылкы шайлоодо парламенттеги көпчүлүк орундарды реформаторлорго алдырып жиберген ирандык консерваторлор бул ирет өз жеңишине эртелеп камданышты. Өткөн январь айында Ирандын Жогорку диний лидери дайындаган 12 кишиден турган Көзөмөлчүлөр кеңеши парламенттик шайлоого даярдык көрүп жаткан реформачыл саясатчыларды чечкиндүү түрдө өнөктүктөн чыгарып салган. Алардын арасында 80дей депутат, бардыгы 250дөй эл арасында таанымал алдыңкы саясатчылар бар эле.


Ирандагы парламенттик шайлоо бир катар күмөн саноолорго жем таштаганын жума күнү АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрели да билдирди.

- Шайлоо алдындагы кампанияга көз чаптырсак, бул жерде тынчсызданууга себептер бар. Биринчиден, шайлоого аз калганда тегерандык эки алдыңкы басылма жабылганы кабарланды. Экинчиден, шайлоодон реформачыл талапкерлер четтетилип, ирандыктардын өз өкмөтүнүн келечегин аныктай турган депутаттарды тандоо мүмкүндүгү чектелди. Бул аракеттер эркин жана адилеттүү шайлоонун белгилери боло албайт. Башкача айтканда, Ирандагы шайлоо эл аралык стандарттарга жооп берген жок.


Ирандын шайлоо комиссиясынын өкүлү мамлекеттик "ИРНА" кабар агенттигине Тегерандагы 6 жарым миллионго жакын шайлоочулардын 2 миллиондон ашыгыраагы, же 31%ынан көбүрөөгү добуш бергенин билдирди. Мындан төрт жыл мурда өткөн мурунку шайлоодо Тегерандык шайлоочулардын активдүүлүгү 42%ды түзгөн.

Добуш берүүдөн баш тарткан реформачыл күчтөр шайлоого катышпаган калкты өзүлөрүнүн колдоочулары атап, негизги тарапкерлери Тегерандан башка шаарлар менен айыл-кыштактарда экенин белгилеп жатышат.


Жума күнү шайлоо чөлкөмдөрүндөгү коопсуздук чараларын 150 миңдей полициячылар дыкаттык менен көзмөлдөп турушту. Кандайдыр чыр-чатак, кагылышуулар тууралуу маалымат түшкөн жок. Тегеранда чыгуучу гезиттер шайлоо бардык жерлерде тынч өтүп, элдин активдүүлүгү өтө жогору болгонун жазып чыгышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG