Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ


Өтүп бараткан аптада өкмөттүн инвестициялык келишимине сын көп айтылды. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам да сынга туш келди. 17-февралга караган түнү Ош-Бишкек канжолуна кар көчкү түшүп, натыйжада 4 адам набыт болду. Жергиликтүү бийликтин аракети менен Токмоктун суу чыккан жерлеринде элди башка жакка көчүрүү, кырсыкты алдын-алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Американын Борбор Азияда университетинде жетекчилик алмашты. Өзбекстан башында аныкталган чегаранын 27 чакырымына макул эместигин билдирип, макулдашууну кайтарып алды. Булар - аптанын маанилүү окуяларынын кыскача мазмуну.

16-февраль, дүйшөмбүдө Бишкектин айрым жерлеринен элди 22-февралда парламент имаратынын жанына нааразылык жыйынга чакырган баракчалар табылды. Анда мамлекеттик тил мыйзамы орус тилдүү калктын укугун басмырлап, расмий тил мыйзамынын беделин түшүрө тургандыгы айтылып, Чүй менен Көлдүн орустар арбын жашаган аймактарында автономиялуу республика деп жарыялоо чакырыгы жазылган. Парламент депутаттарынын алдында чыгып сүйлөгөн премьер-министр Николай Танаев андай чакырыктардан чочулаштын кажаты жок экендигин билдирди:

- Биз 22-февралда, андан соң 26-28-февралда көчөгө чыгуу тууралуу чакырыктар таратылып жатканын билебиз. Кырдаалды көзөмөлдөп турабыз. Кыйкырып чыга турган эч нерсе жок.

Дүйшөмбүдө Американын Борбор Азия университетинде жетекчилик алмашты. Окуу жайдын президенти Дэвид Хювайлер менен ректору Камила Шаршекеева узак мезгил эс алууга жөнөтүлдү.

17-февралга караган түнү Ош-Бишкек кан жолуна кар көчкү түшүп, андан төрт адам набыт болду. 17 машине көчкүнүн алдында калып, бирок алардын жүргүнчүлөрү жабыркаган жок. Жыл сайын кайталанчу кырсыктын салакасын жоюу, бийик тоодогу карды көчүрүп, жол тазалоо иштери маалынан саал кечигибирээк башталды. Өкмөт атайын штаб түзүп, опуртал жерлерди түгөл иликтеп, карды жардырып, сактануу чараларына чындап киришти.

Өзбекстан башта аныкталган чегаранын 27 чакырымы боюнча макулдашууну кайра чакыртып алды. Ташкендин чегараны делимитациялоо боюнча таңкалыштуу бул кадамы кыргыз парламенти Борбор Азиядагы төрт республиканын суу-энергетика проблемасын биргелешип чечүү тууралуу Бишкекте кол коюлган протоколду талкуулай баштаган чакка туш келди. Ансыз деле кашаң жүрүп жаткан кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо аракетине жакындан бери суу-энергетика проблемасы кошулду. Депутаттардын бир даары өкмөт башчы орунбасарлары кол койгон протоколдо Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы эске алынбагандыгын айтып, өкмөттү сынга алды. Суу коркунучу ушу тапта Өзбекстан менен Казакстанды эле кооптонтпой, Сары Өзөн Чүйдүн борбору Токмокту да бейпайга салууда. Жер алдынан оргуган суу шаардын көптөгөн турак үйлөрүн керектен чыгарууда.

Шаршембиде Бишкек-Ош канжолундагы көчкүнү тазалап, республиканын башка кооптуу жолдорундагы абалды иликтөө иштери улантылды. Бул күнү парламенттин палата спикери Абдыганы Эркебаев Кошмо штаттардын Эларалык өнүгүү агенттигинин миссия жетекчиси Майкл Фритц менен кездешип, Кыргызстанда болочок шайлоо даярдыгы кандай жүрүп жатканы, мыйзамдарга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди. Өкмөт мүчөлөрү экономикалык саясат жыйынына чогулуп, Улуттук банктын ишин талкууга алышты. Банктардын ишин жакшыртуу, бул жаатта Улуттук банк саясаты кандай болору айтылды.

Азия оюндарынын чегинде шаршембиде Кыргызстан менен Тажикстандын курама командасынын футбол таймашы өттү. “Спартак” стадионунда жык-жыйма чогулган күйөрмандардын шаабайын жердештерибиз суутуп, бул ирет тажикстандыктардан 2:1 эсебинде утулуп калды. Кыргыз футболун алдыга сүрөө, ага колдоо көрсөтүү амалында спорт күйөрмандарынын аракети менен бул аптада Кыргызстанга Алманиядан машыктыруучу келди. Учурунда Алманиянын мыкты командаларынын бирин машыктырып келген устат ушу тапта Кыргызстандагы футбол шарты менен таанышып, бул жерде калып иштээр-иштебесин жагдайды көрүп чыккандан кийин чече тургандыгын айтты.

Бейшембиде куралдуу жаңжалдарды болтурбай, анын алдын-алуу аракетин көрүү, Борбор Азия коркунучтарын жоюуга арналган эларалык жыйындар Бишкекте өттү. 2002-жылы жана 2003-жылы Бишкектин «Оберон» жайма базары менен Оштогу «Бакай» банкынын алмаштыруу жайын жардырууга тийиштиги бар жанкечтилердин экөөнү Кыргызстандын аскер соту өлүм жазасына кести.

Парламент мүчөлөрү өкмөттүн отчетун угууну башташты. Өкмөттүн алдындагы баалуу кагаздар базары мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Уран Абдынасыров “Кумтөралтын” кенин иштетүү боюнча канадалык тарап менен түзгөн инвестициялык келишим, анын негизинде Кыргызстандын 33% акцияга ээ болушу бир кыйла пайда алып келээрин маалымат жыйынында билдирди:

-Азыркы тенденция мындай: Торонто биржасында акциянын орточо баасы көтөрүлүп баратат. Ошондуктан биржадагы акциянын баасы дагы өсүшү керек.

Жума күнкү негизги окуялар Орусияга байланыштуу болду. Орусиянын түндүктөгү башкалаасы Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенко Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келип, кош тараптуу кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюп, Канттагы орусиялык аскер-аба базасына барды. Мурунку салтты жаңыртып Санкт-Петербург менен Ош шаарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүп, Канттагы аскер-аба базасын колдой тургандыктарын кабарлады:

-Биз акыркы жылдарда үзүлүп бараткан байланыштарды калыбына келтирүүнү чечтик. Биз энергетика, айыл чарба техникасы, билим берүү багытында кеңири кызматташа алабыз.

Ишембиде ЮНЕСКО чечими менен эларалык эне тил күнү белгиленди. Кыргыз тилин коргоо кыймылы ушул аптанын башында Мамлекеттик тил жумалыгын жарыялаган. Кыймыл жетекчилиги апталыкты дагы 40 күнгө узартуу чечимин кабыл алды. Бул аралыкта жер-жерлерде эне тилди сактоо, өнүктүрүүгө байланышкан иш-чаралар өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG