Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

ИРАК: ТҮЗ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ АЗЫРЫНЧА МҮМКҮН ЭМЕС


Ирактын америкалык администратору Пол Бремер өлкөдө шайлоо өткөрүү эң кеминде дагы бир жылда мүмкүн болбой турганын билдирди. “Анын негизги себеби – техникалык проблемалар”, - деди Бремер. Ишембиде Кызыл чырым эларалык уюмунун өкүлдөрү болсо Саддам Хусейн менен жолугушту.

“Ал-Арабия” сыналгы каналы ишемби күнү көрсөткөн маекте Пол Бремер Иракта тикелей шайлоо өткөрүү үчүн азырынча шарт жок экенин белгиледи:

- БУУнун адистери өткөн аптада баса көрсөткөндөй көптөгөн техникалык проблемалар чечилүүгө тийиш. Иракта шайлоо мыйзамы, ошол мыйзамды иштеп чыгуучу шайлоо комиссиясы да жок. Андан тышкары саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам, шайлоочулардын тизмеси жок. Дээрлик 20 жыл бою өлкөдө адилет жана калыс добуш берүү болгон эмес.

Анын ырастоосунда, Ирак шайлоого толук даяр болуш үчүн, БУУнун аныктоосуна ылайык, жок дегенде бир жыл талап кылынат:

- “Улуттар уюму техникалык маселелерди чечүү үчүн бир жылдан 15 айга чейин мөөнөт керек деп болжолдоодо. Бул жараянды бир аз тездетсе болот дегилечи, бирок башкы катчы Аннан бейшембиде айткандай, кээ бир техникалык себептер чындап эле өтө маанилүү болгондуктан, шайлоону азыр уюштурууга мүмкүнчүлүк жок.

АКШнын пландарына ылайык Ирактагы бийлик быйылкы жылдын 30-июнуна чейин жергиликтүү убактылуу өкмөткө өткөрүлүп берүүгө тийиш. Өлкөнүн шийи мусулмандары болсо ага каршы чыгып, түз шайлоо аркылуу туруктуу өкмөт түзүүнү талап кылууда.
БУУнун башкы катчысы Коффи Аннан бейшембиде белгилегендей, бул процессти 30-июнга чейин өткөрүүгө шарт жок.

Эми тараптар мунаса табуунун үстүнөн иштеп жатышат. Вашингтон баштапкы пландарын өзгөртүп, өткөөл башкаруучулуктун чөлкөмдүк фракциялар тарабынан шайланышын караштырып жатса, шийилердин лидери аятолла Али Систани ишемби күнкү билдирүүсүндө туруктуу өкмөттү шайлоо мөөнөтүнүн кийинкиге жылдырылышына макул болоорун кыйыр туюндурду.

Шайлоодон тышкары дагы бир маселе, атап айтканда, “Ирактын жаңы Конституциясында ислам динине кандай орун берүү зарыл?” деген суроо кызуу талаш-тартыштарды пайда кылууда.
Бейшембиде Бремер өлкөнүн жаңы баш мыйзамы жалгыз гана шариятка негизделбеш керек деген пикирин ортого салып, жергиликтүү шийи жана сунни мусулмандардын нааразылыгына кабылды.

Эки күндөн кийин болсо Британиянын Ирактагы өкүлү Жереми Гриинсток мыйзам чыгаруу үчүн ислам маанилүү булак болушу абзел деп ишенээрин билдирди:

- Элчи Бремер жана мен ислам жаңы Ирактын фундаменталдуу бөлүгү болушу керектигин түшүнөбүз.

Ошол эле күнү Эларалык Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү Иракка барып, абакта отурган Саддам Хусейн менен көрүшүштү. Уюмдун басма сөз катчысы Нада Думанинин айтымында, эки өкүлдүн бирөө - дарыгер, алар Хусейндин саламаттыгынын абалын денелик (физикалык) жана психикалык текшерүүдөн өткөрүштү, бирок Кызыл чырымдын эрежелерине ылайык, Саддамдын акыбалы жөнүндө маалымат жарыяланбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG