Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

ИРАНДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО КИМ ЖЕҢДИ?


Иранда жума күнү болгон парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, шайлоочулардын көбү консерваторлорду колдошкон. Бирок реформачыл партиялар алардын тарапкерлери шайлоого катышпагандыктан, эскичилдер жеңишке жетээрлик добуш топтой албаганын айтышууда. Эскичилдер топтолгон Көзөмөл кеңеши 2,5 миңге жакын реформачыл талапкерди шайлоодон четтеткенге байланыштуу, бир катар реформачыл партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан болчу.

Жума күнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы азырынча расмий жарыялана элек. Анткен менен, алдын-ала эсептөөлөр консервативдүү маанайдагы талапкерлер парламенттеги 290 орундун бери дегенде 135ин жеңип алышканын көрсөтүүдө.

Ички иштер министрлиги 207 шайлоо чөлкөмүндө (округунда) бюллетендердин жарымы эсептелгенден кийин жасаган билдирүүгө караганда, 43 проценттен бир аз көп шайлоочу, Тегеранда болсо ар бир үчүнчү шайлоочу гана добуш берген. Реформачылар көпчүлүк мандатты утуп алган 2000-жылы шайлоого добуш берүүгө укуктуу адамдардын 67 пайызы катышкан болчу.

Маалымат агенттиктери добуш берүүгө 46 миллион шайлоочунун теңи, же андан да аз эл катышты деп боолголошууда.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы толук чыгарыла электигине карабастан, өкмөттүк маалымат каражаттары добуш берүүгө шайлоочулардын кеминде 60 пайызы катышты дешип, дембе-дем жар салышууда.

Эскичилдерден турган Көзөмөл кеңеши 2400дөн ашуун реформачыл маанайдагы талапкерди, анын ичинде азыркы парламенттин ондогон мүчөлөрүн шайлоого катыштырбай койгондуктан, реформачыл партиялар саясый өнөктүккө бойкот жарыялашкан эле. Алардын арасында Иран ислам элдик майданынын башчысы, президент Мохаммад Хатаминин бир тууган иниси, азыркы парламенттин мүчөсү Мохаммед Реза да бар.

Реформачыл бул партиянын жооптуу кызматкери Мустафа Тайзаде шайлоонун жыйынтыгы “мурдатан эле белгилүү болчу” дейт:

- Добуш берүүгө катышкан жана катышпаган реформаторлор шайлоо эркин жана калыс өтпөдү деп санашат. Мандаттардын жарымынан көбү парламент шайланбай жатып эле ич-ара бөлүнүп коюлган болчу.

Ички иштер министрлигинин атын атабоону суранган өкүлүнүн Ассошиэйтед пресс агенттигине айтышынча, түрдүү консервативдик мекемелер министрликке “оголе күчтүү кысым көрсөтүп”, шайлоого эл көп катышты деп теле жана радиодон байма-бай жарыялатышууда.

Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи ишемби күнү маалымат каражаттарына берген интервьюда шайлоону “жалпы ирандыктардын жеңиши” деп сыпаттады. Хаменейи: “Америка Кошмо Штаттары, сионизм жана Иран элинин душмандары шайлоодо жеңилди”,- деп реформачыл талапкерлер тарапка ишаарат кылды.

Тегерандык бир аял “Фарда” радиосуна берген интервьюда аятолла Али Хамейнинин сөзүнө макул эмес экенин айтты:

- Жаңы парламенттин депутаттары мыйзамдуу жол менен шайланышкан жок. Алар эл үчүн кызмат кылбайт. Аларды мурда эле шайлап коюшту. Ошон үчүн шайлоо формалдуу түрдө өттү деп ойлоймун.

Жума күнкү шайлоо калаба менен коштолду. Түштүктөгү Фирузабад шаарчасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин эки жаат ортосунда болгон чатакта 3 киши өлдү, 16 киши жарадар болду. Ушул эле вилайеттин башка бир шаарында шайлоо учурунда болгон кагылышууда бир кишинин өмүрү үзүлүп, 1 киши жараат алды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти шайлоо алдында реформачыл эки гезитке тыйуу салынганын, реформачыл партиянын кеңсеси жабылганын жана жүздөгөн талапкерлердин шайлоодон четтетилгенин мисал кылып, Ирандагы парламенттик шайлоо “эркин жана адилет болбоду” деп баа берди.

Реформачыл студенттердин Биримдигинин лидери Хожжат Шарифи эми коомдо жиктешүү башталат деп боолголойт:

- Азыркы шайлоонун жыйынтыгы башкаруучу консерваторлор менен реформачылар, азыркы Мажилистин реформачыл мүчөлөрү, реформачыл топтор, студенттик кыймылдар ортосундагы карама-каршылыкты курчутат, келечекте аларды куугунтуктоо күчөтүлүшү мүмкүн деген ойдомун. Менимче, коом эми өтө кооптуу жана татаал жолго багыт алды.

XS
SM
MD
LG