Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ИШ КАГАЗДАРЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗӨ БАШТАШТЫ


Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын эки ири бирикмеси иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө өтөөрүн жарыялашты. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бул тууралуу 23-февралда АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы менен «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын» ассоциациясы мындан ары мамлекеттик органдар менен кат алышууларды жана башка иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүшөт. Мындай чечим кабыл алуунун себеби тууралуу бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов буларды билдирди:

- «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдардын коалициясы өлкөнүн мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары менен кат алышууларын толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өткөнүн жарыялайт. Мындай чечим мамлекеттик тилди урматтоо сезиминен улам кабыл алынды.

Бирок коалициянын ички турмушунда орус тили жумушчу тил катары пайдаланыла бермекчи. Мамлекеттик тилди колдоо максатында ушундай эле кадамдарга бараарын «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын» ассоциациясынын президенти Токтоайым Үмөталиева да жарыялады:

- Эдил мырзанын демилгесин колдоп, мамлекеттик органдарга кыйынчылык алып келсек дагы мамлекеттик тилди коомдун турмушуна толук кандуу киргизүүгө аракеттенип жатабыз. Менин оюмча өкмөттүк эмес уюмдардын мындай демилгеси жакшы көрүнүш.

Бул эки өкмөттүк эмес уюмдардын бирикмесинин лидерлеринин демилгесин «Виктори» өкмөттүк эмес уюму колдоорун анын төрайымы Галина Черноморец да билдирди:

- Биздин уюм эки бирикменин лидерлеринин демилгесин колдойт. Кыргызстанда иштегенден кийин мамлекеттик тилди билүү абзел. Биздин уюмдун бөлүмдөрү өлкөнүн булуң-бурчунда көп. Алар менен иштөөдө бизге да мамлекеттик тилди билүү зарылчыгы келип чыгууда. Толук кандуу иштөө үчүн тилди билүү оң.

Бейөкмөт уюмдардын лидерлери парламент тарабынан кабыл алынып, эми президенттин кол коюусун күтүп жаткан «Мамлекеттик тил» жөнүндө мыйзамды колдошуп, ал эч кимдин укугун бузбайт деген пикирин да билдиришти. Алар учурда чоң талаш-тартыштарды жаратып жаткан мыйзамдын 10-беренеси да өзгөртүлбөшү керек, анткени мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү деген пикирде болушту.

Эдил Байсаловдун айтымында, коомдун социалдык-саясий турмушуна өкмөттүк эмес уюмдардын таасири өсүүдө жана алар мамлекеттик тилди колдоодо да өз жоопкерчилигин көрсөтүп жатат. «Биздин мындай демилгени Кыргызстанда иштеп жаткан эларалык уюмдар, анын ичинде көптөгөн долбоорлорду аткарып жаткан каржылык уюмдар колдоп, өз ишин Кыргызстан калкынын көпчүлүгү түшүнө турган тилге өткөрүүгө ык койсо туура болот»,-деп белгиледи Эдил Байсалов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG