Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

КЫРГЫЗСТАНДА КЫЛМЫШ КҮЧ АЛДЫ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Соңку айларда Кыргызстанда адам өлтүрүүлөр көбөйдү. Жакында эле «Рахот» эс алуу үйүнүн башчысын атып кетишсе, андан бир аз күн мурун Бишкектин чок ортосунан эки адам башына ок жеп набыт болушту.

«Рахот» пансионатынын башчысын атып кеткендер азырынча табыла элек. Ички иштер орган өкүлдөрүнүн айтымында, Өзбекстандын атуулу, маркум Бурханов Бахул эч кандай кылмыштык топторго тиешеси жок адам болчу. Учурда ыкчам издөө тобу бир нече божомолдун үстүндө иштөөдө. Ички иштер министринин орун басары Болот Ногойбаевдин билдиргенине караганда, 14-февралда Бишкектеги «Круиз» кафесинен чыгып келаткан жеринен башына 2 ок жеп каза тапкан спортсмен жигит «Аламүдүн» базарында рэкеттик кылып жан бакчу. Анын өлүмүнө шектүү делген адам Бишкектеги үйүнөн көчүп кетип, азыр каякта жүргөнү белгисиз. Дал ушул күндөрү 1979-жылы туулган Нурлан деген жигитти да Бишкектин чет жакасынан атып кетишкен. Министрдин орун басары каза тапкан жигит кылмыш чөйрөсүндө «Карамай» деп аталган кылмыштык топко аралашып жүргөн жигит болчу дейт.

Кыргызстанда чет өлкөлүк атуулдарга кол салуу өзүнчө адатка айланып барат. Америкалыктарды, түркиялыктарды жана оогандык качкындарды тоногон атайын чоң кылмыштык топ былтыр колго түштү. Өткөн жыл ичинде чет элдик 56 атуул жергиликтүү бейбаштардан жабыркаган. Жыл башынан бери дагы ушундай бир нече окуя катталды.

Ал эми 2003-жылы 27-мартта Бишкек-Торугарт жолунда бараткан автобустагы кытайлык 19 бизнесменди жана кыргызстандык эки атуулду өрттөгөндөр кыргызстандыктар эмес. Болот Ногойбаевдин билдирүүсү боюнча, кылмышка катышы бар деп шектелип аткан кытайлык эки атуул таптырбай жүрөт:

- Кыргызстандын базарларында соода кылып жүргөн кытайлыктардан жергиликтүү кылмыштык топ акча алып, оокат кылып жүрүшкөн. Бизге түшкөн маалыматка караганда, бизнесмендерге кытайлык Абдинайби Аблятов деген киши «мен силерди булардан коргойм» деп айткан. Андай жергиликтүү рэкеттердин жарымын биз кармап абакка салдык, алардын экөөнү ошол Абдинайби атып таштаган. Ушинтип, кытайлык бизнесмендер жергиликтүү рэкеттерден кутулушат. Ал эми Абдинайби болсо кытайлык соодагерлерге «эми силер бизге төлөй баштайсыңар. Биз Уйгурстан мамлекети үчүн, улуу иш үчүн чуркап жүрөбүз. Жардам бересиңер!»-деп айтат. Кээ бири коркконунан тыйын берсе керек, бирок көбү баш тарткан. Ошондон улам аларды коркутуш үчүн ушул кылмышты жанындагы шериги Турсун Туохети менен чогуу жасаган деп тыянак чыгарса болот,-дейт Болот Ногойбаев.

Башкеңсеси Нью Йоркто жайгашкан «Фридом Хауз» уюму 20-февралда «Кыргызстандын укук коргоо органдары «Хизб ут-Тахрир» диний уюмунун баракчаларын тараткан деген шек менен кармалган адамдарды кыйнап, сабап, аларга карата адам чыдагыс ыкмаларды колдонууну токтотушу керек» деген кайрылууну кыргыз бийлик өкүлдөрүнө жолдогон. Эларалык уюм Жалалабад ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ушул жылы 30- январда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун алты мүчөсүн кармап алып, катуу сабаганын мисал келтирген. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Министрдин орун басары Болот Ногойбаевдин айтымында, алты киши «Хизб ут-Тахрир» партиясынын баракчалары менен кармалганы ырас. Бирок, алар 3 саатка чукул суракка алынып, түшүнүк кат жазып, аты-жөнү жана жашаган дареги такталгандан кийин үйлөрүнө кое берилген жана аларга эч ким кол тийгизген эмес.

30-январда Жалалабад ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган алты кишинин бири Бахтияр Жумабаев «Азаттык» радиосуна ошол күнкү окуяны мындайча айтып берген:

- Шарият боюнча бизге чечингенге болбойт дегенибизге болбой, бизди мажбурлап чечиндиришти. Коридорго бир жарым саат бою колубузду көтөртүп тургузуп койду. Мени бир формачан киши 2 жолу дубинка менен башка койду. Мени чакырып өзүнчө бир бөлмөгө киргизип, бут кийимимди чечтирди. Анан таманыма дубинка менен ургулады. «Коюңуз, кудай өзү кечирсин» деп жалындым.

XS
SM
MD
LG