Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

ОППОЗИЦИЯЛЫК МААНАЙДАГЫ САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН БИРИГИШИ МҮМКҮНБҮ?


Акыркы күндөрү оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын биригүүсү жөнүндө талкуу жанданып, бирок ал карама-каршы билдирүүлөр менен коштолду. Кыргызстандагы саясий партиялар башын бириктирүүсү мүмкүнбү?

Кыргызстанда 40тан ашуун саясий партия бар. Эмдиги жылы болуучу парламенттик жана президенттик шайлоонун жакындашы алардын саясий багыт, көз караштарына жараша бир топко биригүүсүнө түрткү бере баштады. Андай жараянды адегенде бийликке жакын партиялар баштап, алар «Алга, Кыргызстан» партиясынын айланасына баш кошууда. Учурда анын курамында беш партия бар. Ал эми оппозициялык маанайдагы алты партия «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогун түзүшкөн. Бирок, учурда оппозициялык маанайдагы партиялар кеңири блок түзүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Андай кеңешүүлөр курамында төрт партия бар «Элдик Конгресс», «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогу, «Акыйкат жана прогресс», «Жаңы Кыргызстан», Коммунистердин эки партиясынын жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиевдин ортосунда жүрүүдө.

Ал сүйлөшүүлөр бул күчтөрдүн биригүүсүнө алып келеби? Буга карата Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев мындай пикирин билдирди:

- Шайлоого чейин бир топ убакыт бар. Менин оюмча, бул убакыттын ичинде бириккен партиялар ажырашып, ажырашкандар биригип кетиши мүмкүн. Бирок, саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдө байкаганыма караганда, алардын көпчүлүгү бириксек деген ойдо.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев партиялардын биригүүсү үчүн бирдиктүү саясий платформа керектигин, бирок андай бирдиктүү бир багыт азыр байкала электигин айтып, азыркы жүрүп жаткан консультациялардын жыйынтыгы март–апрель айында чыгышы мүмкүн дейт:

- Кээ бир партиялар менен консультация өткөрүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатабыз. Менин оюмча, март-апрель айында ал аяктайт. Бизге платформасы жакын партиялар менен мүмкүн биз биригебиз.

«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев оппозициялык партиялардын биригүүсү тууралуу буларды билдирди:

- Адам укугу, сөз эркиндиги сыяктуу негизги маселелерге келгенде биз дайыма биригип өз пикирибизди айтып келатабыз жана андай маселелер боюнча да мындан ары бир болобуз. Андан сырткары парламенттик шайлоону көзөмөлдөө максатында биригишибиз керек.

Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Кадырбековдун ою боюнча, саясий партиялар бир чоң саясий окуя болбосо биригиши мүмкүн эмес. Анын себебин Ишенбай Кадыбеков төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Кандайдыр бир олуттуу саясий окуя болсо гана, маселен шайлоо алдында оппозициялык партиялар бириге алат. Жөн учурда алар бирикпейт. Алардын табыйгаты ошондой. Бул көрүнүш Кыргызстандагы партияларга эле эмес, дүйнөдөгү бардык партияларга таандык.

Саясий партиялардын ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө караганда, алар үч-төрт ири блоктун түзүлүшү менен жыйынтыкталышы ыктымал. Аны саясатчылардын өздөрү да четке кагышпайт. Маселен, Курманбек Бакиев мындай дейт:

- Менин оюмча, Кыргызстанда үч-төрт чоң саясий блок түзүлөт. Андан кийин алардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG