Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

БУШ ӨЗҮНҮН ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮН БАШТАДЫ


Республикачыл-губернаторлордун жыйынында сөз сүйлөп,президент Жорж Буш өзүнүн саясий оппоненттерин сынга алды. Эгер Ак үйгө демократтар келсе, Буштун айтымында, салыктар жогорулайт, чиновниктер көбөйөт, эң башкысы – улуттук коопсуздук чөйрөсү солгундайт. Өз кезегинде демократиялык партиянын өкүлдөрү, биринчи кезекте президенттикке башкы талапкер аталганы жаткандар президент Буштун дүйшөмбү күнкү сөзүн анын алсыздыгы катары баалашты.

Байкоочулар белгилешкендей, Жорж Буш өзүнүн дүйшөмбү күнкү сөзү менен иш жүзүндө шайлоо алдындагы кампаниясын баштады. Президент баарыдан мурда террорго каршы күрөштө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда өз администрациясы олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Мындан тышкары Буш азыркы бийликтин аркасында экономика узакка созулган солгундоо тилкесинен чыгып, кайра оожала баштаганын эске салды. Демократтарды болсо ал партиялык кызыкчылыктарын улуттук таламдардан артык көрөт деп сынга алды. Оппоненттер, Буштун сөздөрүнө ылайык, не террордун тишин чагууда, не экономикалык кырдаалды жакшыртууда алгылыктуу стратегия сунуш кыла алышкан жок. Ошол эле учурда Буш Иракта аскерий операция баштоого оңой-олтоң эле батына койбогонун моюнга алып, мунун жүйөөсүн 11-сентябрдагы окуялардан кийин дүйнөдө түзүлгөн кырдаал менен түшүндүрдү. Бирок азыр, Буштун көз карашында,дүйнө кыйла коопсуз болуп калды. Эгер экинчи мөөнөткө кайра шайланса Буш азыркы саясатын изден тайбастан уланта тургандыгына ишендирди. Бу шайлоо өтө чоң окуя болот,деп айтты Буш. Шайлоонун натыйжасында Ак үйгө келген киши террорго каршы күрөштүн жана экономиканы өнүктүрүүнүн андан аркы аңытын аныктайт. Күздөгү шайлоодо Американын коопсуздугу жана анын бакубат-байгерчилиги үстөккө коюла турганын айтып, алдыдагы төрт жылда террористтердин - Америкага кастарын тиккендердин сары изине түшкөнгө, демократиянын кыйырларын кеңейткенге, экономикалык жаңы перспективаларды түзгөнгө, Американын зоболосун ашырып, дүйнөгө адилет өлкө кылып тааныткан принциптер менен асылнарктарды коргогонго убада берди.

Америкалыктардын келечектеги ооматы да, Буштун сөздөрүнө ылайык, АКШнын дүйнөдөгү лидерлигине жараша болот. Эркиндиктин арааны азыр күүсүнөн тая элек, деп айтты Буш. Ошону менен бирге алдыда ири проблемалар акмалай баштады. “Ал-Каида” өлөрчө жараланды, бирок тыптыйпыл болгон жок. Террорчулар Ооганстанда жана Иракта Америкага сынак уюштуруп жатат. Түндүк Кореядагы жана Ирандагы режимдер дүйнөгө кыр көрсөтө баштады. Алдыдагы он жылдыкта АКШ жасай турган кадамдар менен чечимдер мүлдө кылымдын бешене-бейнесин аныктайт. А эгер Америка алсыздыгын көрсөтүп, олку-солкуланып отурса, дүйнөнү касырет-кайгы каптап калат, деп эсептейт Буш.

Деген менен Буш демократтарга азырынча бир топ өнөгүн алдырып койгонсуду. Соңку иликтөөлөр бышыктагандай, эгер шайлоо ушу тапта өткөрүлсө, анда Буш демократ-талапкерлерге – айрыкча алардан ат чабым алдыга озуп чыккан Жон Керриге, атүгүл ага куйрук улаш келаткан Жон Эдвардска да уттуруп коймок экен. Бери эле дегенде Буштун талылуу жерлери эми демократтарга ого бетер айкын боло түшкөнүн белгилеп, Жон Керри бюджет тартыштыгы, жумушсуздук жана тышкы саясаттагы мүчүлүштүктөрү үчүн бийликтеги президентти кайрадан сынга алды. Керри ошондой эле Буштун эртелеп коргоно баштаганын да анын алсыздыгына жоруду. Демократтар али президенттикке талапкерлигин аныктай элек, Буш болсо өзүнүн конкуренттерине каршы ырасмий түрдө саясий фронт ачып отурат, деп айтты Керри Нью-Йорктогу райондордун биринде сүйлөгөн сөзүндө.

XS
SM
MD
LG