Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:23

"АЛ-КАИДА" АЛДАН ТАЙЫДЫ, БИРОК ДАЛЕ КОРКУНУЧТУУ


Кошмо Штаттар "ал-Каида" террордук түйүнү акыркы жылдарда алдан тайыды, бирок ал азыр деле кол салууга жарамдуу деп эсептейт. Бул тууралуу шейшембиде Сенаттын комитеттеринин биринде сүйлөгөн учурунда АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Жорж Тенет билдирди. Ага катар АКШ өкмөтү "ал-Каиданын" башчысы Усама бин Ладендин жардамчылары деп шектелген эки адамдын иши аскерий сотто каралаарын жарыялады. Ал эми Пакистанда Ооганстанга чектеш аймактардан "ал-Каида" менен Талибандын согушкери деп шектелген 25 адам кармалды.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Жорж Тенеттин айтымында, "ал-Каиданын" негизги ишмерлери деп эсептелген адамдар азыр камакта жатышат, дагы бир канчасы террорго каршы согушта жок кылынды. Андыктан бул террордук уюшма мындан ары 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга кол салганга чейинкидей деңгээлде аракеттене албайт:

- Акыркы бир жарым жылдын ичинде биз "ал-Каиданын" материалдык-техникалык жактан камсыздоо, каржылоо, согуштук даярдык менен алектенген негизги ишмерлерин жок кылдык же кармадык. Уюмдун Пакистандагы жетекчилигине, Сауд Аравия менен Йемендеги бөлүмүнө олуттуу сокку урдук.

Жорж Тенет белгилегендей, "ал–каидачылар" учурда өзүнүн аймактык түйүнүнөн ажырагандыктан, көбүнесе чачыранды болуп аракеттенүүдө. Анткен менен ЦРУнун директорунун пикиринде, бул топ Кошмо Штаттар менен анын өнөктөштөрүнө азыр деле кол сала алат:

- Жакшы ийгиликтер бар, бирок мени туура түшүнүңүздөр. Мен "ал-Каида" жеңилди деп айткан жокмун. Биз али да согуштабыз. Бул амалдуу уюм Кошмо Штаттарга, анын достору менен өнөктөштөрүнө али да кол сала алат.

Жорж Тенет ошондой эле ал Усама бин Ладендин уюму массалык кыргын салуучу куралдарга ээ болуу аракетин али да болсо улантып жатканын кошумчалады. Ал башкарган Борбордук чалгын кызматынын иши азыр Ирактагы окуяларга байланыштуу иликтенүүдө. Анткени Ирак массалык кыргын салуучу куралдарга ээ болгонун көргөзгөн олуттуу далилдер АКШ баштаган коалициянын негизги аскерий операциялары аяктагандан бери табыла элек. Президент Жорж Буш болсо согуш алдында Иракка кол салуунун негизги себеби катары өлкөдө ири өлчөмдө массалык кыргын салуучу куралдар бар экенин айткан.

Мунун аралыгында Катарда жайгашкан "ал-Жазира" телеканалы "ал-Каиданын" бийлик тепкичинде Усама бин Ладенден кийинки экинчи орунда турган Айман аз-Завахириники делген аудиотасманы угузду.
Ал өз билдирүүсүндө АКШ бийликтеринин "ал-Каидага" олуттуу сокку урулду деген ырастоосун жокко чыгарат:

- Биз Бушка ал "ал-Каиданын" үчтөн эки бөлүгүн жок кылбаганын эсине салабыз. Тескерсинче "ал-Каида" мусулмандарга каршы кампания жүргүзүп жаткан сионисттерге каршы Кудайдын эркине ылайык ыйык согушун улантууда.

Айрым божомолдор боюнча Усама бин Ладен баштаган "ал-Каидачылар" Пакистандын Ооганстанга чектеш тоолуу райондорунда жашырынып жүрөт. Шейшемби күнү Пакистан аскерлери Вазирстан чөлкөмүндө өткөрүлгөн операция учурунда "ал-Каида" менен талиптердин жоочуларынан деп шектелген 25тей адамды камакка алган. Азыр кармалгандардын ким экенин тактоо иштери жүрүүдө.

Ал эми АКШнын өкмөтү Ооганстандагы аскерий операциялардын учурунда туткундалып, азыр Кубанын Гуантанамо аралындагы түрмөдө отурган алты жүздөй адамдын экөөсүнө алгачкы жолу расмий айып коюп, алардын иши атайын трибуналда каралаарын жарыялады. Маалыматтарга караганда, иши сотко берилүүчү ал эки адам (алар - Судан менен Йемендин атуулдары) кезинде Усама бин Ладендин жакын жардамчыларынан болушкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG