Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:01

КЫРГЫЗСТАНДА АҢЧЫЛЫК КЫЛУУЧУ КАНЧА КУРАЛ БАР?


Айрым иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда элдин колунда совет доорунан калган көп курал бар. Айрым маалыматтарга караганда, кийинки 8 жылда элдин колунда мыйзамсыз жүргөн 5 миңдей курал тартылып алынган. Бирок, өлкөдө канча адамда, канча курал- жарак бар экенин эч ким так билбейт. "Курал саткан дүкөндөрдө алардын наркы канча турат? Карапайым калктын курал сатып алууга чама-чаркы жетеби жана алар куралдарды этияттык менен колдонушабы?" деген суроолор азыр күн тартибинде.

Кыргызстанда курал алууга аңчылык коомдорго мүчө, курал колдонууну билген, мурда соттолбогон, ар кандай психикалык оору менен оорубаган, наркодиспансерде каттоодо турбаган, жашы 20дан жогору жана ички иштер тармагынан курал алып жүрүүгө уруксаат алган атуулдар укуктуу.

Өлкөдө аңчылык курал жабдыктарын сатуучу 7-8 дүкөн иштейт. Анын үчөө Бишкек шаарында. Аңчылык куралдарды саткан “Мергенчи” дүкөнүнүн директору Иван Ардаминин билдиргенине караганда, бир жылда орто эсеп менен сайлуу 20-30 мылтык, сайсыз 50-60 даана мылтык сатылат. Дүкөндөгү сайлуу мылтыктын эң кымбаты – “Жолборс” аттуу карабин. Наркы 90 миң сом. К-44 мылтыгы 35 миң, Иж-27 жана “Соболь” мылтыктары 30 миң сом болсо, “Сайга” аттуу мылтыктын наркы 25 миң сом. Ал эми сайсыз кош ооз мылтыктардын түрүн 3 миң сомдон 20 миң сомго чейинки баада сатып алууга болот. Карапайым калктын мындай кымбат баалуу мылтыктарды алууга чамасы жетпейт. Малын колдон талашкан карышкырга да айбат кылуучу кош ооз мылтыктары да жокко эсе.

Мергенчилик коомдорго мүчөлүккө кирүү акысы 500- 600 сом болгондуктан аны төлөп, ички иштер бөлүмдөрүнөн уруксат алууга чыгынгандар аз. Ал тууралуу Бишкектеги “Мергенчи” аңчылык дүкөнүнүн ээси Иван Ардами:

- Биз аңчылыкка пайдаланылуучу курал-жаракты Орусиянын заводдорунан алып келебиз. Шериктеш өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда гана аңчылык курал-жабдыктардан акциз салыгы алынат. Бирок андан өлкөгө жарытылуу деле пайда түшпөйт. Биздин өлкөдө кошумча нарк салыгы да жогору. Ошондуктан кардарлардын көбү куралды жана ок-дарыларды Казакстандын дүкөндөрүнөн арзаныраак сатып алып жатышат. Кыргызстанда мыйзамсыз курал сатуу базары жокко эсе. Өлкөдө куралды көзөмөлдөө иши коңшуларга караганда катуу тартипте. Кыргызстанда каттоодо турган мылтыктарды колдонуп жасалган кылмыш иштери жокко эсе,-дейт.

Ал эми курал алып жүрүү жана курал сатуучу дүкөндөр тууралуу Бишкектин тургундарынын пикирлери төмөнкүдөй:

Тенти Орокчиев, акын: - Куралды кылмыш жасагандар, ууру кылгандар, өзүнүн байлыгынан корккондор эле алып жүрбөсө, аны алып кереги деле жок.

Калил: - Курал сатуучу дүкөндөрдүн болгону жакшы. Азыркы учурда айыл жергесинде карышкыр абдан көбөйдү. Аны атууга элде курал жок. Кыргыз эли мал-жанын илгертен эле ит-куштан коргоп келген. Уруксат алып, мал-жанын коргой берсин.

Шекербек-сүрөтчү: - Совет доорунда ар бир чабанда мылтык бар эле. Карышкырдан малын коргоо үчүн атайын уруксат менен берилчү. Анын баарын аңчылык коомдору, ички иштер кызматкерлери алып коюшту. Элде курал деле калбады. Эми ит-куш жакадан алып турганда малчыларда бирден мылтык болуусу зарыл.

Өткөн кылымдын 60-70 жылдары өлкөдө аңчылык коомдорго мүчө атуулдарга сайлуу ТОЗ-8, ТОЗ-12 жана кош ооз 28-32 мылтыктары сатылып, каттоого алынган. Андай мылтыктарды чабандар малды ит-куштан коргоо үчүн да алышып, аларды “чып этме”, “кек”, “кош ооз” деп атап коюшчу. Алар кийинки мезгилде курал алып жүрүүгө уруксаты жоктордон жана колдонуу мөөнөтү бүткөндөрдөн тартылып алынган. Тартип коргоо өкүлдөрү, айрыкча, 90-жылдары түштүктөгү калктын үйлөрүн тинтип мылтыктарын күч менен эле тартып алышкан. Айрым маалыматтар боюнча, акыркы 8 жыл ичинде алынган куралдардын 1 миңден ашууну мыйзамсыз сакталган.

Өлкөдө аңчылык коомдорго канча адам мүчө жана курал алып жүрүүгө канча адамдын уруксаты бар деген суроого Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин курал алууга уруксат берүүчү бөлүмүнүн улук инспектору Турдугул Курманбаевдин берген жообу төмөнкүчө болду:

- Кыргызстанда аңчылык коомдордо, ички иштер бөлүмдөрүндө катталган 16 миң 68 мергенчи бар. Алар катталууда турган 18 миң 912 түрдүү үлгүдөгү аңчылык мылтыктарды аң уулаганда колдонуп жүрүшөт. Алардын ичинен 1543и сайлуу мылтык, 17 миң 369у сайсыз мылтык. Бул каттоодо турган мылтыктар менен өлкөдө бир дагы кылмыш кылуу фактысы болгон эмес. Кыргызстанда жашыруун түрдө ок-дары, курал сатылбайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG