Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

ӨЗӨКТҮК КУРАЛДЫН ЖАЙЫЛЫП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ САКТАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк курал өндүрүү сырларын чет өлкөгө сатканын пакистандык илимпоз Абдул Кадыр Хан мойнуна алгандан кийин, дүйнөлүк коомчулук андай куралдын террордук топтордун колуна тийүүсү тууралуу тынчсызданууда.

Абдул Кадыр Хандын айтымында, өзөктүк курал өндүрүү сырларын жана кээ бир аспаптарды ал Иран, Ливия жана Түндүк Кореяга саткан. Негизинен алар - уранды тазалап, аны плутонийге айлантуу технологиясы менен байланыштуу. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин айтымында, Хандын иши - өзөктүк куралдын дүйнөгө жайылып кетүү коркунучун бир кыйла күчөттү жана акыркы жылдарда бул багытта болгон аракеттердин эң орчундуусу болду.

Хан өзү өзөктүк сырларды кезинде Батыштан уурдаган. "Лос-Анжелес таймс" гезити жазганга караганда 1970-жылдарда Абдул Кадыр Хан Голландиядагы уранды байытуу боюнча аспаптарды чыгарган "Уренко" компаниясында иштеген жана кийин Пакистанга кайтып келгенде "Хандын изилдөө лабораториясы" деген ишкана уюштуруп, аны өлкөнүн негизги өзөктүк изилдөө борборуна айланткан. 1998-жылы Пакистанда биринчи атом бомбасы сыналгандан кийин, аны эл "Пакистандын өзөктүк куралынын атасы" деп атай баштаган. Эксперттердин пикиринде, өзөктүк сырларды Голландиядан уурдап жүргөндө эле Хан кеңири кылмыш тармагын түзгөн болуш керек жана кийин ал сырларды башка өлкөлөргө сатканда дал ошол тармакты пайдаланган.

Ал тармакты эч ким азырынча таап-ашкерелей элек, бирок ал дагы эле аракетте деп айтууга негиз бар. Вашингтон шаарындагы Эл аралык коопсуздук маселелери боюнча институттун эксперти Кори Хиндерстайндын айтымында, өзөктүк куралдын жайылуу маселеси мурда ойлогондон алда канча коркунучтуу болуп чыкты:

- Жарыкка чыгып жаткан улам жаңы маалыматка караганда, менин оюмча, өзөктүк заттардын бир өлкөдөн башка өлкөгө өтүп жатканы биз мурда ойлогондон алда канча кеңири болуп чыгууда. Андай кылмыштуу топтор ортосундагы кызматташуунун деңгээли дагы - аларды жөн гана кылмыштуу топтор эмес, жакшы уюшулган уюм деп атоого негиз берет. Андан тышкары, сатылган өзөктүк технологиянын өлчөмү дагы маселе канчалык татаал экенин көрсөтөт. Өзөктүк курал өндүрүү аспаптарынын сүрөттөрү да сатылган. Көптөгөн эксперт мурда эле Абдул Кадыр Хан кээ бир сырларды Пакистандан сыртка чыгарган деп шектенип келген, бирок анын аракеттери мынчалык кеңири болгон деп эч ким ойлогон эмес. Сатылган кээ бир маалыматтар өтө так болгондуктан, ага ээ болгондор өзөктүк курал өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат жана андай мүмкүнчүлүк үрөйдү учурбай койбойт.

Кылмыштуу топтор өзөктүк курал чыгара электигин - алардын колунда жетиштүү өндүрүш али жок экени менен гана түшүндүрсө болот. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин басма сөз катчысы Мелисса Флемингдин айтымында, андай өндүрүшкө ээ болуу террор уюмдары үчүн азырынча татаал:

- Террордук уюмдарды алсак, бул кылмыштуу тармак саткан сырлар аларга азырынча өтө деле кереги жок. Анткени алар баары бир уранды байытуу боюнча аспаптарды иштете албайт, ал үчүн кеңири жана күчтүү өндүрүш керек, андай өндүрүштү өкмөттүк колдоо аркылуу жана алдыңкы окумуштуулардын жардамы менен гана иштетүү мүмкүн. Кылмыштуу топтор азырынча андай деңгээлге жете элек.

Анткен менен өзөктүк куралдын жайылып кетүү коркунучу акыркы мезгилде абдан күчөдү.

XS
SM
MD
LG