"Манастагы" башкы оң каарман - айтканы калкка жарыя, акылман карыя Кошой. Ал аябагандай теңдеши жок балбан, артыкча баатыр. Манас урматтаган, акылын уккан, эсептешкен шерден. Кошойдун эрдиги кытай кандары кыргыздарды чаап, аяктарын апан, баштарын сапан кыла чилче таркатканда аларга моюн сунбай: "Жети өзөндөй кайран жер. Эби менен жер кылып, жети өзөндө кыргызды, эптеп жүрүп эл кылып, кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган" деп, Чеч-Дөбөдөн кетпей, чачылган элди бириктирип, биримдикке чакырган баатыр акылман кол башчыдан болгон.
Кошой карыянын пенде аттууга алдырбаган балбандыгы Көкөтөйдүн ашында калмактын баатыры Жолой менен күрөшкөндө көрүнгөн. Ал дөөлөтүү 85-жашка чыкса да "Карысам да карпаңдап, карт буурадай тартаңдап мен түшпөсөм каапырга, канкор да болсоң эр элең, кайраты ашык неме элең, кандай адам катылат" - деп эр Манаска кайрылат. Анан "Жолойго киши жолойбу" деп, эч ким даап күрөшкө чыкпай койгондо ал күрөшкө чыгат. Ал күрөш бир топ күнгө созулат. Эки балбан бири-бирин асманга топтой ыргытышат. Алардын түшкөн жерлери аңырайып оюлат. Жер бетин жөө тумандай чаң каптайт. Акыры Кошой Жолойду жеңип, элинин намысын колуна алат. Калк атасы аталган Кошойдун ысымы "Манаста" эле уламалуу инсан катары айтылбастан, бүгүнкү күндө да анын аты ардакталып айтылып келет. Алсак, Атбашынын аймагында "Кошойкоргон", "Кошойдун кара тоосу", "Кошой тоо" деген жерлер да сыймыктануу менен аталып, калк жүрөгүндө жашоодо. Анда эмесе кезекти Кошойдун акылмандыгын, эрдигин, турган турпатын сыпаттаган үзүндүгө берейин. Айтуучу - Кыргыз эл артисти Уркаш Мамбеталиев:
- Калк атасы карыя
Кайран Кошой олуя,
Батасы элди маарыткан,
Тиктегенди жарыткан,
Балбандыгы башкача,
Баатырлыгы бир канча,
Алайган көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай,
Бурулуп чыккан муруту
Өтөкө чыккан чалкандай,
Эки ийине дардайып,
Төрт-төрттөн балбан конгондой.
Ай-ааламды соргондой,
Эки далы ортосу
Кой жайылган талаадай,
Эки көздүн кычыгы
Ачып алган ороодой,
Эки мурун таноосу
Капчыгай тоонун бородой,
Сексен бешке келгенде
Эр Жолойго кол салган,
Баскан жери аң болгон.
Кармашкан жери чаң болгон,
Чамасы чарчап эр Жолой
Аңгекке буту тыгылган,
Дегей чалып эр Кошой
Үстүнө баса жыгылган
"Жолойду Кошой жыкты" деп,
Ааламга даңкы угулган,
Ошентип баатырдыгы билинген,
Бээжиндин Эсен канынын
Даңзасына чийилген - делип эрдиги сыпатталыптыр.