Жогорку Кеңештин депутаты, социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Акылбек Жапаров президент В.Путин туруктуу кадр саясатын жүргүзүп жатат деп эсептейт:
- Президент Путин Михаил Касьяновду 4 жыл бою алмаштырбай кармады. Путин туруктуу кадр саясатын жүргүзүп жатат. Мындан ары да ушундай саясаттын улантылышына шек санабаса болот.
Саясатчынын болжолунда эгерде М. Фрадков премьер-министрликке шайланып калса, ал кедечекте президент болушу да ыктымал:
- Путин өзүн сөзүнө тура турган, Конституцияны сактай турган адам катары көрсөттү. Эгерде ушундай принциптерди мындан ары да карманса, анда М. Фратков дагы Путиндин өзүндөй болуп иштеп, экономикалык өсүштөрдү сактап калса, анда эмне үчүн калбашы керек? Президент болуп калышы да мүмкүн.
Мыйзамчы депутат Ишенбай Кадырбеков да ушуга үндөш пикирде:
- Менин оюмча, премьер-министрди тандоо дагы келечекте өзүнүн ордун ээлей турган талапкерди тандаганга барабар да. Бул - бир жагы. Экинчи жагы - экс-президент Б.Ельцин да көрсөттү. Путин да көрсөтүп жатат - тегерегинде жүргөн адамдарды эмес, тажрыйбасы, жөндөмү бар, көрүнбөгөн, билинбеген саясатчыларды алып чыгып, келечекте алардан жакшы саясатчылар чыга тургандыгына көзү жетип жатат. Мен айтаар элем, Кыргызстан үчүн да мындан башка жол жок.
Парламенттин депутаты Ташболот Балтабаев Орусиянын өкмөт башчылыгына саясий чөйрөгө таанымал эмес талапкердин коюлушунун оң жактарына төмөнкүдөй токтолду:
- Мен ойлойм, ушундай саясий чөйрөгө анчейин белгисиз талапкерлердин көрсөтүлгөнүнүн оң жагы ага каршы иштеген саясий күчтөрдүн жоктугу болуп эсептелет. Эгер бийлик тепкичтеринде көптөн бери келе жатса - бирөөдөн көз каранды болот, бирөөгө жакшылык, бироөөгө жамандык кылат дегендей. Ал эми жаңы чыккан кишинин колу-жолу бош болот. Өзү да тигил же бул саясий, коррупциялык топторго кирбеген, таза адам болот. Мындай адам үчүн маселени түз, адилеттүү чечип, талапты коюп иш алып барууга мүмкүнчүк көбүрөөк болот.
Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын башчысы Абсамат Масалиев өкмөт башчылыгына тажрыйбалуу адам көрсөтүлүшү керек дейт:
- Өкмөттү башкаруу үчүн тажрыйба керек. Ал өлкөнүн экономикасын, тышкы, ички саясатын жакшы билиши керек. Министрлик, башка башкаруу чөйрөсүнөн иштеп өтүү керек. Анан кокусуна эле бирөөнү алып келүү туура эмес. Бул жарабайт. Мындан пайда болбойт. Орусиянын өкмөтүнүн мындан бир пайданы күткөнү болбойт.
Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева болсо Михаил Фрадковдун көрсөтүлүшү туура болду деп эсептейт:
- Президент Путин да жөн жерден Михаил Фрадковдун талапкерлигин көрсөткөн жок да. Ал көзү жеткендиги үчүн ушул талапкерди көрсөтүп жатат. Президент туура тандоо жасады деп ойлойм.
Айрым саясатчылар Кыргызстанда да президент Аскар Акаев тарабынан жакын арада күтүүсүз кадамдар болушу мүмкүн дешет. Буга байланыштуу депутат Акылбек Жапаров мындай деди:
- Мына азыр айтылып жатат, март айында же күзүндө өкмөттө өзгөртүүлөр болушу мүмкүн деп. Ошондо президент Акаев да күтүүсүз кадамдарга Акаев барат го деген менде ишеним бар. Кыргызстанда ошондой кадамды элдин баары эле күтүп жатат.