Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

ИРАК: ШИЙИЛЕРГЕ КАРШЫ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Бүгүн (шейшемби күнү) Ирактын шийилер ыйык туткан Кербала шаарында болгон бир нече жардыруудан кеми дегенде 30дан ашуун адам набыт болду. Жардыруу болгон тушта шийилер имам Хусейнди эскеришип, зикир чалып жатышкан. Багдадда да удаа-удаа бомба жарылып, 70тен ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөсү Хамид ал-Кифайи жардыруунун уюштуруучуларын “Ирак элинин душмандары” деп атады.

Бүгүн Ирактын шийи мусулмандары кандуу булоонго кабылышты. Шийилердин ыйык шаары Кербалада жасалган террордук чабуулдан ондогон адамдар шейит кетти. Фран пресс агенттигинин кабарчысы Кербаладагы шаардык ооруканага бери дегенде кыймылсыз жаткан 50 кишинин денеси алып келингенине күбө болгон.

Доктурлар террордук чабуулда набыт болгондордун саны 100гө жетип барышы мүмкүн деп кооптонушат.

Шийилердин Ирак ислам революциясынын Жогорку кеңешинин мартабалуу өкүлү Хусеин Мехди: “Кеминде 30 киши өлдү. 100дөн ашуун адам жарадар болду”, - деп билдирди.

Жергиликтүү полицайдын айтышынча, “жолбун” ракеталар Кербаладагы эки ыйык сагана тарапка келип түшкөн. Бул учурда аял-зияратчылар Мухаммед пайгамбардын небереси Хусеиндин саганасынын алдында кошок кошуп ыйлап, ал эми эркектер болсо денелерин чынжыр менен чапкылашып, зикир чалып жатышкан.

Хусейн жана анын 72 жигити 680-жылы Кербаланын четинде Жазид деген халифтин аскерлери менен болгон айкашта курман болушкан. Ушул кандуу окуя Мохаммед пайгамбардын үммөттөрүнүн шийи жана сүннү болуп бөлүнүүсүн тереңдеткен. Хусейн өлгөн күн- шийилер үчүн өтө маанилүү күн. Бул күнү мечиттерде Хусейндин арбагына арнап, куран окулат. Зыяртачылар болсо “Ашура” деп аталган диний зыяпаттарын аткарышат.

Саддам Хусейндин режими тушунда өлкө калкынын 60 процентке жакынын түзгөн шийилердин үстүбүздөгү “Мухаррам” айында Кербалага келип, ибадат кылуусуна тыйуу салынган болчу. 1980-88-жылдардагы Ирак-Иран согушунан улам, ирандык шийилердин да Кербалага келип, зиярат кылуусуна уруксат жок эле.

Быйыл “Ашурага” эл көп чогулат деп күткөн бийликтер “Мухаррам” айынын биринчи күнүнөн эле коопсуздук чараларын күчөтүп, ыйык шаарга кошумча полиция күчтөрүн жайгаштырган эле.

Кербаладагы бомба чабуулуна удаа эле өлкө борбору Багдаддын түндүк батышындагы шийилер жыш жашаган аймактагы Казимия мечити да ракетадан аткыланды.

Казимия ооруканасынын жетекчилиги билдиргенге караганда, шийилердин ыйык мечитиндеги жардыруудан кеминде 75 адам курман болду.

Франс пресс жана Ройтер агенттиктеринин маалымдашынча, казимия мечитине бир ракета тийди. Дагы эки ракета шийилер ыйык санаган мечитке жакын жерге түштү.

Бомба чабуулун ким жасаганы белгисиз. Ирактын башкаруучу кеңешинин өкүлү Хамид ал-Кифайи (al-Kifai) чабуулдун уюштуруучуларын “Ирак элинин душмандары” деп атады.

Кабарчылардын билдиришинче, эл арасында Кербала жана Багдадда болгон террордук чабуулдар -Саддамдын доорунда өлкөнү башкарган -сунни азчылыктары менен шийи көпчүлүгү ортосундагы жиктешүүнү дагы тереңдетет деген коркунучтуу кептер айтыла баштады.

XS
SM
MD
LG