Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

НАСА: МАРСТА ТИРИЧИЛИК ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ ЧӨЙРӨ БИР КЕЗДЕРДЕ БОЛГОН СЫЯКТАНАТ


Эми космосту иликтөө жаңылыктарына назар салыңыздар. АКШнын космосту иликтөө агенттиги – НАСАнын (NASA) маалыматына караганда, «Оппортюрити» марсжүргүсү Кызыл планетанын кыртышында бир кезде жашоонун өтө жөнөкөй түрүнүн келип чыгышы үчүн жетиштүү көлөмдө суу болгонун тастыктай алчу далил чогултту. Деги, Марста жашоо болгонбу?

Дароо эле сөздүн ток этер жерин айта кетели: Марста жашоонун болгон-болбогонун түздөн-түз айгинелей турган далил азырынча табыла элек. Бирок америкалык окумуштуулардын колуна тийген жаңы далилдер «Балким, Марста жашоо болгондур» деген божомолду бекемирээк айтууга негиз берет.

НАСА агенттигинин өкүлү Стив Сквайрз (Steve Squyres) Марстагы Меридиан тайпак тоосу аттуу аймакта «Оппортюрити» марсжүргүсү жүзөгө ашырган соңку иликтөөнүн мүдөөсүн мындайча түшүндүрөт:

- Бул миссиянын максаты – Марска жетүү жана анда бир кезде тиричилик үчүн ыңгайлуу чөйрө болгон-болбогонун иликтөө болчу. Марстын иликтенип жаткан бөлүгүндө кайсы бир доордо тиричилик үчүн жарактуу чөйрө болгон деп санап жатабыз. Бул – кыртыштагы суунун чөйрөсү. Дал ушундай жай тиричилик үчүн ыңгайлуу болушу керек эле.

Бирок тиричилик үчүн жарактуу чөйрө дегендик анда жашоо сөзсүз болгон дегендик эмес экенин да НАСАнын бул өкүлү эскертти.

25-январда Марска кондурулган «Оппортюнити» марсжүргүсү жиберген сүрөттөрдү чечмелөө жаңы суроолорду туудуруп жатканы да чын. НАСАнын илимпоздорунун бири Жим Гэйвин (Jim Gavin):

- Биз абдан көп суроого кабылдык. Бул жаңы табылга канчалык деңгээлде ар тараптуу? Марстын башка аймактарында да ушундай эле өрнөктөр жолугабы? Марстын иликтенген Меридиан аттуу жайы бизге тээ байыркы убакта Марста кыртыш үстүндө эле суу болгонун айгинелеген чыныгы маалымдама китепке үңүлүүбүз үчүн жардамчы терезе боло алабы?

Гэйвиндин оюнча, келээрки он жылдыкта Марска жаңы кеме жиберилсе жана ал кеме Марстын кыртышынан үлгүлөрдү Жердеги лабораторияларга кайра жеткире алса, ошондо гана тийешелүү тыянакты ишенимдүү түрдө чыгарууга мүмкүн.

НАСАнын жетекчилеринин бири Эдуард Вейлер (Edward Weiler) соңку табылгалар жакынкы болочокто Марсты иликтөөнү ыкчамдатуу үчүн шыктандырып жатканын билдирди:

- Марсты иликтөөдөгү биздин эң башкы мүдөөбүз – «Анда жашоо болгонбу? Марста азыр жашоо барбы?» деген кылымдардан бери көтөрүлүп келген суроого жооп табуу. Бүгүнкү жыйынтык ушундай узак мөөнөттүк максатка жетүү үчүн жаңыдан жасалган эбегейсиз зор секирик болуп калды.

Ал эми Марста иштеп жаткан экинчи аппарат – планетага 4-январда кондурулган «Спирит» марсжүргүсү анын экинчи жарым шарындагы Гусев кратерин иликтөөсүн улантууда. Бул марсжүргү да кызыктуу табылгага учураса экен дегенде окумуштуулардын эки көзү төрт.
XS
SM
MD
LG