Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

ШАЙЛООДО ЖОРЖ БУШКА ЖОН КЕРРИ АТААНДАШ БОЛГУДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага 2-мартта АКШнын он штатында президенттикке талапкерлердин мелдеши өткөрүлүп, алардын тогузунда Жон Керри утуп чыкты. Бардык байкоочулардын пикиринде, эми Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болуп Керри аталат. Президент Жорж Буш Жон Керриге телефон чалып, 2-марттагы жеңиши менен куттуктады.

2-март күнү шайлоо мелдеши өткөрүлгөн он штатта бардыгы болуп 94 миллион адам жашайт, алардын катарында Калифорния менен Нью-Йорк сыяктуу ири штаттар бар жана байкоочулар бекеринен бул күндү "супер-шейшемби" деп атабайт. Бардыгы болуп бул он мелдеште 1151 делегаттын добушу аныкталды жана алардын жети жүз токсонун Жон Керри, ал эми 243 добушту анын атаандашы сенатор Жон Эдвардс утуп алды. Демократиялык партиянын 26-29-июлда Бостон шаарында өткөрүлө турган курултайында партиянын атынан президенттикке талапкер болуп аталыш үчүн 2162 делегаттын добушу керек жана бардык байкоочулардын пикиринде, партиялык талапкер болуп Жон Керри аталаарында азыр шек жок.

Акыркы бир жарым айдын ичинде өлкөнүн ар башка штаттарында өткөрүлгөн 30 мелдештин жыйырма жетисин Керри утуп чыкты. 2-март күнү Вермонт штаты гана Керри үчүн эмес, штаттын мурдагы губернатору Говард Дин үчүн добуш берди, бирок Дин шайлоо жарышынан мурда эле чыгып кеткен.

Бардыгы болуп Демократиялык партиядан талапкерликке сегиз саясатчы көрсөтүлгөн. Керри, Эдвардс жана Динден тышкары, алар - Миссури штатынан шайланган конгрессмен Ричард Гепхардт, Огайо штатынан шайланган конгрессмен Денис Кусинич, адам укуктарын коргочу Эл Шарптон, Коннектикут штатынан шайланган сенатор Жозеф Либерман жана НАТО аскерлеринин мурдагы башчысы генерал Уэсли Кларк болчу.

Бирок алардын баары кийин өз талапкерлигин алып салууга аргасыз болду жана 2-марттагы мелдештен кийин эми Эдвардс дагы шайлоо өнөктүгүн токтотоору күтүлүүдө, бирок кээ бир байкоочулардын пикиринде, Керри аны вице-президенттикке көрсөтүшү мүмкүн. Андай болгондо Керри менен Эдвардс 2-ноябрдагы президенттик шайлоого чогуу чыгат.

Шейшемби күнкү мелдештен кийин шайлоочуларга Керри өз алкышын айтып, бул мелдеш 2-мартты чындап эле "супер-шейшембиге" айлантканын билдирди. Утулган Эдвардс дагы Керрини мактады. Анын айтымында, келерки шайлоодо демократтар президент Жорж Бушту утат:

- Учурдан пайдаланып, досум сенатор Жон Керрини мен куттуктагым келет. Ал өтө күчтүү шайлоо өнөктүгүн жүргүздү, биз баарыбыз ишенген иштер үчүн ал жанын аябай күрөшө турганын көрсөттү. Ал иштер - жаңы жумуш орундарын ачуу, саламаттык сактоо системасын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү тазалоо, коопсуздукту чыңдоо. Бул биздин партиянын дагы, бүткүл мамлекеттин дагы иши жана ошону менен биз ноябрдагы шайлоодо жеңебиз.

2-март күнү кечинде Жон Керриге президент Жорж Буш дагы телефон чалып, аны жеңиш менен куттуктады жана эми экөө ортосундагы мелдеш үзүрлүү болооруна ишенгенин билдирди. Бирок анын алдында Буш вице-президент Дик Чейнини сыналгы аркылуу чыгып сүйлөөгө жиберип, Керрини жамандаткан. 4-февралдан тартып президент Буш сыналгы аркылуу өз шайлоо өнөктүгүн баштоодо жана ага 100 миллион доллар каражат чегерилген.

Демократиялык партиянын Керриге мурда утулган талапкерлери эми ага акчалай жардам көрсөтүүгө убада беришүүдө. Керринин аялы миллионер болгону менен, анын күйөсүнө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү мыйзам менен чектелген. Сенатор Керри президент Бушту негизинен - Ирак согушу, акыркы экономикалык кыйынчылыктар, бюджет тартыштыгынын өсүшү жана эл аралык уюмдар менен болгон мамиленин бузулушу үчүн сынга алууда.

XS
SM
MD
LG