Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КОМИССИЯСЫ ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ


Бүгүн (4-мартта) Бишкектеги «Достук» мейманканасында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны болду. Жыйын кыргыз тараптан вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов, ал эми тажик тараптан биринчи вице-премьер-министр Хожа Акбар Туражанзоданын төрагалыгы астында өттү.

Эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны 15 маселени карады. Алардын ичинде соода-экономика, отун-суу, жогорку чыңалуудагы электр линияларын куруу, автомобиль, темир жолду биргелешип пайдалануу жана өнүктүрүү, аскердик-техникалык жаткан кызматташуу жана кайрадан Кыргызстанга өткөн Сарымогол айлынын, ошондой эле Тажикстандын Мургаб, Жергетал райондорунун тургундарына жардам берүү маселелери болду.


Кыргыз делегациясынын башчысы Базарбай Мамбетов кыргыз-тажик соодасынын көлөмү өткөн жылы 45% өскөнүн, эки тарап отун-кубат тармагында кызматташууларын жемиштүү улантып жатканын белгилеп, бирок суу ресурстарын пайдаланууда аксаткан учурлар кезигип жатканын билдирди:

- Баткен жана Согд облусунун суу-чарба башкармалыктарынын жетекчилери суу маселесин чече алышпай койду. Тажик тарап «Кожо-Бакырган» насостук станциясынын туруктуу иштөөсүн, «Достук» жана Актатыр каналдары аркылуу мурда келишимде белгиленген өлчөмдө Баткен облусун суу менен камсыздоо милдетин аткарган жок, биз бул маселени чечүүбүз керек.

Кыргыз тарап, ошондой эле, Токмоктогу айнек заводунун продукциясына тажик тараптын 5% бажы төлөмүн киргизүүсүнө да каршылык билдирип, Баткен, Лейлек райондорунун аймагында тажик атуулдарынын уруксатсыз жер ээлеп алууларын токтотууну, ал эми Сарымогол айылынын 70 тургунунун паспортун ээлерине кайтарып берүүнү, Мургаб жана Жергетал райондорунун тургундарынын Алайдан көмүр алуусуна шарт түзүүнү сунуштады.

Адегенде карала турган маселелер макулдашылгандан кийин комиссия мүчөлөрү, эксперттер өз тармактары боюнча ишти улантышты. Эксперттердин ишинин жыйынтыгында, эки тарап жогорку чыңалуудагы электр линияларын курууга жана Кадамжай сурьма комбинатына Тажикстандын Азноб комбинатынан чийкизат берүүнү улантууга макулдашышты. Тажик тарап өз темир жолу аркылуу өткөн Кыргызстан жүгү үчүн тарифтерди төмөндөтүү жагын карап көрөөрүн билдирди. Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан өлкөнүн түндүгүнө Сүлүктүдөн жылына 100 миң тонна көмүр ташууну караштырууда жана бул үчүн тажик тараптын темир жолдук тарифти төмөндөтүүсү өтө маанилүү.

Эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясы тажик атуулдарынын Баткен облусунун аймагынан өз алдынча жер ээлеп алуулары боюнча маселени бир топ талкуулашты. Тажикстан делегациясы бул маселени чек араны делимитациялоо боюнча эки тараптуу комиссия караш керек деген пикиринен жанган жок. Бирок кыргыз тарап андай фактыларга мындан ары жол берилбеш керек деген маселени кабыргасынан койду. Баткен облусунун бийлигинин маалыматына караганда,тажик атуулдары облус аймагынан 1 миң 700 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланууда.

Комиссия жыйынынын жүрүшүндө кыргыз тарап Тажикстандын Мургаб жана Жергетал райондорундагы кыргыз мектептерине окуу китептерин берип турууга милдеттенди. Жыйында ошондой эле кыргыз президенти Аскар Акаевдин жакынкы айларда Тажикстанга жасай турган сапары жөнүндө да сөз болуп, анын учурунда бир катар документтерге кол коюу жөнүндө макулдашылды.

Өкмөттөр аралык комиссиянын бүгүнкү отуруму Базарбай Мамбетов менен Хожа Акбар Туражанзоданын белгиленген тармактар жана багыттар боюнча кызматташууну андан ары өнүктүрүү боюнча протоколго кол коюусу менен аяктады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG