Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

ИРАКТАГЫ ЭҢ КАНДУУ ТЕРАКТ ҮЧҮН АЗ-ЗАРКАВИ АТТУУ АДАМ КҮНӨӨЛӨНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Багдад менен Кербала шаарларында 2-мартта ишке ашырылган террор аракеттери үчүн АКШ жетекчилиги Абу Мусаб аз-Заркави аттуу адамды күнөөлөдө. Америкалык генерал Жон Абизэйддин айтымында, эки жардырууну тең Заркави уюштурган жана анын "ал-Каида" террордук уюму менен дагы байланышы бар.

2-марттагы террор аракеттери Ирак согушу аяктагандан кийин өлкөдө башталган террордук чабуулдардын эң кандуусуна айланды. Америкалык адистердин айтымында, Багдад менен Карбала шаарларында бардыгы болуп 117 адам набыт кетти, Ирактын Башкаруучу кеңешинин маалыматы боюнча, өлгөндөрдүн саны - 271.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек, бирок Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Жон Абизэйд 3-март күнү АКШ Конгрессинде чыгып сүйлөп, чалгындоо мааламыттарына караганда, бул террордук чабуулдардын артында Абу Мусаб аз-Заркави аттуу адам турганы жөнүндө айтты. Генералдын пикиринде, шийи мусулмандар майрамы учурунда ишке ашырылган бул теракттын максаты - сунни менен шийилер ортосунда араздашуу пайда кылып, аны кийин ич-ара согушка айлантуу жана аны менен Иракта америкалык жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка зыян тийгизүү:

- Биздин колубузга тийген чалгындоо маалыматтарына караганда, ал чабуулдарга Заркавинин тийешеси бар. Биздин башка мааламыттарыбыз боюнча, Заркави Ирактын мурдагы өкмөтүнүн коопсуздук кызматы менен дагы байланышкан жана акыркы мезгилде террордук уюмдар Ирактын мурдагы режиминин калдыктары менен кызматташып жатканы бизди тынчсыздандырууда.

Генералдын айтымында, январда америкалык аскерлердин колуна Заркави жазган кат тийген. Ал кат "ал-Каиданын" жетекчилигине жазылган жана анда Ирактагы шийилер менен суннилер ортосунда араздашуу пайда кылуу үчүн чаралар даярдарып, бирок аларды ишке ашырууга каражат жетишпей жатканы тууралуу айтылган. Анткен менен генерал Абизэйддин пикиринде, Иракта ич-ара согуш чыгып кетээрине ал ишенбейт.

Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер болсо чек араларды кайтарууну күчөтүүгө буйрук берди:

- Бул терроризм негизинен сырттан келип жатканы анык, ошондуктан биз чек араны кайтарууну күчөтүүдөбүз. Азыр чек арада сегиз миң аскер бар, алардын саны көбөйтүлөт. Кээ бир аймактардагы чек арачылардын санын биз эки эсеге көбөйттүк жана жүздөгөн жаңы унаа бөлдүк. Чек араны кайтарууга АКШ өкмөтү 60 миллион доллар чегерди.

Кербала шаарындагы жардыруулардан өлгөндөрдүн арасында 23 ирандык жаран дагы бар, анткени шийилердин диний майрамына катышууга Ирандан 100 миңге жакын адам келген. 3-мартта Багдад шаарында америкалыктарга каршы демонстрация уюштурулду, анын катышуучуларынын айтымында, өлкөнү басып алган АКШ аскерлери коопсуздукту камсыз кыла албай жатат. Аны менен катар, митингге катышкан шийи динаятчыларынын бири Амир ал-Хусейндин айтымында, суннилер менен шийилер бир тууган жана алар ортосунда эч качан орчундуу араздашуу чыкпайт.

Кээ бир эксперттердин айтымында болсо, америкалык жетекчилик тарабынан Заркавиге тагылган күнөө дагы далилденүүгө тийиш, анткени Ирактын кеңири кыруучу куралы тууралуу АКШ чалгындоо кызматтары тапкан маалымат кандай болгону азыр баарыга белгилүү. Заркавинин өз аты Ахмад Фадил Назал ал-Халайле, ал 1966-жылы Йорданияда туулган, бирок ата-энеси Йорданияга Палестинадан көчүп келген. АКШ жетекчилиги анын башы үчүн мурда 5 миллион доллар сыйлык жарыялаган жана жакында ал сыйлыкты эки эсеге көбөйтүп, 10 миллион долларга жеткирди.

XS
SM
MD
LG