Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

УКРАИН БИЙЛИГИ ЭРКИН БАСМА СӨЗГӨ ЧАБУУЛ БАШТАДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Кечээ Украинанын бийлиги көзкарандысыз “Континент” радиостанциясын жапты. “Континент” президент Леонид Кучманы сынга алып келгенден тышкары BBC, “Эркин Европа/Азаттык”(RFE/RL), “Америка абазы” радиолорун да обого чыгаруу кызматын аркалап турган. Ошентип Украинада бийликти сынга алып турган радиолордун үнү буулду. Эларалык коомчулук бул окуяны шайлоолор өтө турган жылда эркин басма сөзгө урулган сокку катары баалоодо.

“Континент” “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун берүүлөрүн обого чыгарууга ниет кылаарын айтаар замат жабылды. Бийлик андан мурда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин тилиндеги берүүлөрү чыгуучу жыштыкты тартып алган болчу. Ошентип өлкөдөгү чыныгы абалды элге калыс жеткирип турган “Континент” радиосунун, ага кошулуп BBC, RFE/RL, “Америка абазы” баштаган эркин радиолор обого чыкпай калды.

Ырасмий бийликтин өкүлдөрү болсо “Континенттин” FM жыштыгына чыгуу укугунун мөөнөтү мындан бир жыл мурда эле аяктаган, ошондуктан бул жерде чуу көтөрө турган эч нерсе жок дегендей пикирлерин айтышууда. Эларалык уюмдар, Америка Кошмо Штаттары жана Украина оппозициясынын өкүлдөрү болсо эркин радиостанциянын жабылышын кескин сынга алышты. Айталы, депутат Юрий Лутсенко бул кадамды октябрда өтүүчү президенттик шайлоого бийликтин эртелеп көргөн камылгасы катары баалады:

– Биз бүгүн эркин басма сөздү акырына чейин талкалоонун күбөсү болуп отурабыз. Бийлик оппозициянын эле эмес, эркин пикир айткан баардык массалык маалымат каражаттарынын үнүн өчүрүп келатат. Биз Украин өкмөтү шайлоолорго эмес, Кучманы дагы бир жолу дайындоого камданып жатканын жакшы түшүнүшүбүз керек. Ошол себептен алар эркин басма сөзгө ушундай сокку уруп жатышат.

Оппозиция лидерлеринин бири Виктор Ющенко да "Континент" радиостанциясы саясий негизде жабылып жатканына эч күмөн санабайт. Украин бийлиги буга чейин да көз карандысыз “Сильски висьти” гезитин жапкан болчу. Жакында болсо бийлик RFE/RL радиосунун украин кызматынын берүүлөрү чыгып келген FM жыштыгын тартып алышкан эле. RFE/RL радиосунун президенти Томас Дайн бул өлкөдөгү соңку окуяларды сөз эркиндигин чектөө катары баалады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Украин бийлиги демократияга чындап чабуул баштады деген пикирин билдирди:

- Украинада калкты көз карандысыз маалыматтан өксүткөнү жаткан бийликтердин аракеттерине биз чоң камтамачылык менен байкоо салып жатабыз.
XS
SM
MD
LG