Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

ИРАКТЫК ШИЙИЛЕР КОАЛИЦИЯЛЫК АСКЕРЛЕРГЕ НААРАЗЫ


2-март күнү Ирактын Кербала жана Багдадда шийилерге каршы жасалган бомба чабуулунан 140тан ашуун адам курман болду. Ушул калаймандан кийин “АКШ башындагы коалициялык күчтөр ирактыктардын коопсуздугун жетерлик камсыздай алабы?” деген суроо курч коюла баштады.

Кербала менен Багдадда шийилердин “Ашура” аттуу диний майрамы белгиленип жаткан 2-март күнкү террордук чабуулдар Ирактагы чет элдик күчтөргө каршы сынды ого бетер күчөттү. Шийилдердин таанымал аксакалдарынын бир тобу америкалык аскерлер башындагы коалициялык күчтөрдү жамааттын коопсуздугун камсыздай алышпады, же террорчулардан колго курал алып сакатнууга мүмкүнчүлүк беришпеди деп, катуу нааразылык айтышты.

Шийилердин мыкты уюмдашкан саясый партиясы-Ирак ислам революциясынын Башкы кеңешинин төрагасы Абдел Азиз ал-Хаким да 140тан ашуун адамдын өлүмү үчүн коалициялык күчтөрдү түздөн түз күнөөлөдү:

- Баскынчы армия Ирак элине каршы жасалган бардык чабуулдар үчүн жооптуу. Себеби алар Ирак элин коргой алышпады. Ошол эле учурда алар ирктыктардын тийиштүү жол менен өзүн өзү коргоосуна мүмкүндүк беришпейт.

АКШ жетектеген чет элдик күчтөр мындай айыптоого макул эмес. Алардын айтымында, коалициялык аскерлер “Ашура” күнү шийилердин коопсуздугун коргоо үчүн бардык чараларды көрүшкөн. Чет элдик аскерлерге ыйык жайларга кирүүгө уруксат берилбегендиктен, мечиттер менен зияратчылар ибадат кылуучу саганаларды келишим боюнча Ирактын коопсуздук күчтөрү кайтарган.

Америкалык күчтөрдүн операциялар боюнча орун басары, генерал Марк Киммиттин сөзүнө караганда:

- Коалициялык күчтөр маданий өзгөчөлүктү урматтоо үчүн Багдаддагы мечитке коңшулаш жайларга жайгаштырылган эмес. Бирок, аскерий жана коалициялык күчтөр, макулдашылган планга ылайык, Ирактын жарандык коргонуу кызматынын сырт жагында кароолдо турушту. Шаардын жетекчилиги жана уюмдары менен ушундай макулдашканбыз.

Кербала шаарынын бийликтеринин өтүнүчү боюнча зияратчылар таат кылчу саганаларды ирактыктар өздөрү кайтарышканын коалициялык күчтөрдүн курамындагы польшалык аскерлердин өкүлү, полковник Роберт Стрелецки да тастыктады.
Вашинтондун планы боюнча, адегенде Ирак армиясы менен полиция күчтөрү толук куралсыздарылып, мурдакы режим менен байланышы бар адамдардан тазаланып, андан соң соң кайра түзүлүш керек.

Азыр полиция, чек арачылар, жарандык коргоо күчтөрү жана маанилүү обьекттерди күзөткөн сакчылар болуп, Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн саны 200 миңден ашып кетти. Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун талдоочусу Филип Митчел байкагандай, акыркы кезде көптөгөн шаар-кыштактардын көчөлөрүн ирактык күчтөр күзөтө баштады:

- Биз АКШлык аскерлердин негизги шаарлар менен кыштактардан ырааттуу чыгып кетип жатканын жана алардын коопсуздугун ирактыктар өздөрү камсыздай баштаганын көрүүдөбүз.

Ага карабай, тыш өлкөлөрдөн Саддам кулатылгандан кийин мекенине кайтып келишкен топтордун башчылары аларга таандык куралдуу күчтөр армия менен полицияга жардамдашсын деп талап кылышууда. Атүгүл Абдел Азиз ал-Хаким коалициялык күчтөрдүн айрым бийлик вазийпасын шийилердин Жогорку Кеңешине өткөрүп берүүсүн сурады. Кеңештин “Бадри” деген аскерий корпусунун курамында бир нече миң жоокери бар. Айрым маалыматтар боюнча, алар ушу тушта Ирактын түштүгүндөгү маанилүү аймактарды контролдойт.
Байкоочулардын айтымында, 30-июнда америкалык убактылуу администрация бийликти Ирактын күнкорсуз өкмөтүнө өткөрүп бергенде, бул аймак иш жүзүндө Ирак ислам революциясынын Жогорку Кеңешинин башкаруусунда болот.

XS
SM
MD
LG